БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө кубогуна катышуу үчүн машыгып, даярданып башташты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, спорттук иш-чара 12-18-декабрга чейин Белград шаарында (Сербия) өтөт.
Команданын курамы:
"Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу максатында балбан кыздар 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында (Түркия) машыгышат", — деп айтылат маалыматта.
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланарын белгиледи.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп кайтарды. Мушкердин пикирин Р-Спорт жазды.
Россиялык атлет октябрь айында америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган. Мындай чечимди ал апасынын өтүнүчүнөн соң кабыл алганын айткан.
"Атам каза болгондон кийин менин бул жарыктыктагы эң башкы байлыгым — апам калды. Аны таарынтып, бушайманга салып, капа кылып ала турган жорукка барууга мени түртпөгүлө", — деген ал.
Спортчу өзүнүн октагонго кайра чыгар-чыкпасы ар дайым талкууланып келгенин белгилейт.
"Акыркы жылдары кандай окуялар болуп кетти... Дагы эмне болуп кетерин билбейбиз. Эртеңки күндүн кандай болорун да эч ким билбейт. UFC боюнча пландарым жок. Умардын (Нурмагомедов) беттешке даярданып жатканын көрүп: "Менин мындай кыйынчылык күндөрүм артта калды" деп ойлонуп коём. Бүгүнкүдөй бактылуу күндө жашоого мага мүмкүнчүлүк бергилечи. Мындай бийиктикке жетүү үчүн мен канчалаган азаптарды баштан кечирдим", — деди ал.Хабиб Нурмагомедов 24-январда Абу-Дабиде мелдешке чыгып жатышкан Конор Макгрегор менен Дастин Порье, Дэн Хукер менен Майк Чендлер уюмдун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтсө, анда ал октагонго кайтарын айтканын ЖМКлар жазган.
Нурмагомедов ММА спортундагы карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти муз үстүндө балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Чүй-Бишкек балык уулоочулар жана балыкчылар коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп жаткан бул иш-чара 23-январга белгиленген.
"Иш-чара сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында уюштурулууда. Биздин өлкөдө спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Учурда Балык чарба департаменти дарыя сууларында жашоочу осман жана форель балыктарын кармоого уруксат билеттерин берет", — деп билдирген Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов.
Мелдеш Төмөнкү Ала-Арча каналындагы 3-суу сактагычта өтөт. Каалоочулар команда түзүп катыша алышат. Командада капитанды кошкондо төрт адам болушу керек.
Толук маалымат алуу үчүн 0 (312) 31 86 23, 0 (312) 319046, 0 700 95 69 40 номерлерине кайрылууга болот.