Жакынкы сааттарда кесипкөй бокстун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс (кенжеси) беттешет. Беттеш АКШнын Калифорния шаарында өтмөкчү.
Беттеш сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген. Алар шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет. Таймаштагы эсепти Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) өкүлдөрү жүргүзөт.
Sputnik Кыргызстан кармаштан тексттик трансляция жүргүзөт.
Коментаторлор эң негизгиси кармашта эч ким катуу жабыркап, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян тийгизбегенин билдиришти. Ошондой эле көз кандырган беттеши үчүн ыраазычылык айтышты.
Спортчулардын тең чыкканы айтылууда. Экөө тең жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санап жатышат. Ошондой эле күйөрмандары менен жакындарына салам жолдошууда.
Эки спортчу тең жеңгенин бир ооздон айтууда.
Жонс илгери кандай болсо ошондой экенин көрсөткөнү белгиленсе, Майк болсо үмүттү анчейин актабаганы айтылды.
Рой Жонс дагы деле күүлүү-күчтүү, шатыра-шатман экенини көрсөтүүдө. Адистер Тайсонго күчтүү соккусу жетпей жатканын айтууда
Коментаторлор Рой Жонстун коргонуу чеберчилигин белгилей кетишти. Бул кармашта да бир топ соккудан буйтап өттү.
Мына сага! Майктын соккулары Жонско тийүүдө. Экинчи спортчу аралыкты сактоого өттү.
Бешинчи раунд. Майк Тайсон адаттыгыдай эле клинчке кирүүдө, аны атаандашы булкуп салып жатат.
Коментаторлордун айтымында, Жонс кыймылдуулугу менен айырмаланууда, анын аракеттерине Тайсон жетишпей калып жатат.
Үчүнчү раунддун бүтөрүнө аз калды.
Майк атаандашын болушунча бурчка такап, клинчке киргенге аракет кылууда.
Атактуу спортчулардын катуу жана терең дем алганы таасын байкалып жатат.
Тайсон сокку жеп калган учурлар көп болууда.
Спортчулардын ардагер экени кыймылдары тастыктап жатат.
Тайсон атаандашына жакын келгенде сокку артынан сокку узатууга жетишип жатат. Жонс болушунча аралыкты сактаганга аракет кылууда.
Дегенибиз америкалык спортчу рингде беттешүүдөн тышкары ырчы катары таанымал, рэп айтат. Бөтөнчө анын "Can't Be Touched" аттуу ыры спорттук иш-чараларда байма-бай жаңырып турат.
Тарыхый беттешке аз гана убакыт калды. Комментатор Валуев бул кармашта нокаут болорун убадалап жатат.
.@MikeTyson is ready 👀#TysonJones pic.twitter.com/S9cbYW0GXB
— Bleacher Report (@BleacherReport) November 29, 2020
Темир Майк 15 жылдан бери алгачкы жолу рингге чыгууда.
It's been 15 years since Tyson got his hands wrapped 👊#TysonJones
— Bleacher Report (@BleacherReport) November 29, 2020
(via @BTSportBoxing)pic.twitter.com/Nk7etXFoBH
Sputnik Кыргызстан ата мекендик көрүнүктүү бокс чеберлери, машыктыруучулардын бул беттешке болгон болжолдорун билип көргөн.
Майк Тайсондун муштуму атаандаштарына барскандай эле тиерин жана рингде дулдуң мүнөз экенин бокс дүйнөсү билет. Төмөнкү кадрлар муну тастыктап турат.
SCARY POWER 😨@MikeTyson is considered one of boxing's most feared punchers for a reason. #TysonJones @ESPNRingside pic.twitter.com/gBZAlGCWEd
— SportsCenter (@SportsCenter) November 27, 2020
Баса, Тайсон менен Жонстун кармашына комментаторлордун бири катары мурдагы кесипкөй боксчу Николай Валуев чакырылган.
Кечээ атактуу боксчулар беттеш алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөргөн. Анда Тайсон атаандашынан 5 килограммга оор болуп калган.
Бокс сүйүүчүлөрүнө жалпы салам!
Болжол менен саат 08:30да легендарлуу боксчулар Майк Тайсон менен Рой Жонс рингден жолугушу керек болчу. Бирок ардагер спортчулардын карааны азырынча көрүнбөйт/