Кыргызстандын WEF уюму бир жылдык тынымдан кийинки алгачкы турнирин өткөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер беттешүү учурунда. Архив
Мушкер беттешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук компаниянын президентинин айтымында, лиганын соңку турнири былтыр декабрь айында өтүп, кийинки кармаштарды коронавирус кырдаалына байланыштуу уюштура албай калышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш уюму (WEF) пандемиядан кийинки алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Уюмдун президентинин айтымында, лиганын соңку турнири былтыр декабрь айында өткөн. Андан кийин коронавирус кырдаалына байланыштуу беттештерди уюштурууну токтотушкан.

Спорттук компаниянын бир жылдык тынымдан кийинки турнири WEF ProfFight 40 деп аталып, 12-декабрда борбор калаадагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Кеченин башкы беттешинде чемпиондук кур үчүн 70 килограмм салмакта Нургазы Балтабаев менен Чыңгыз Дүйшөбай уулу кармашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от WEF GLOBAL (@wef_global)

Пандемияга байланыштуу көрүүчүлөрдүн кирер-кирбеси такталып жатат. Кармаштарды түз эфирден "КТРК Спорт" жана WEF Global "Ютуб" каналынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт: Amateur — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт, Selection — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки ProfFight баскычында ат салыша алат. ProfFight — кесипкөй мушкерлер күч сынашат. WEF Global — эң кесипкөй спортчулардын кыл чайнашы.

Жаңылыктар түрмөгү
0