11 медаль. КРдин сууда сүзүү боюнча улуттук командасы Өзбекстандан жемиштүү кайтты

© AP Photo / Lee Jin-manПловец Денис Петрашов
Пловец Денис Петрашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулардын ичинен Елизавета Рогожникова менен Рамазан Омаров Кыргызстандын да рекордун жаңылаган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы сууда сүзүү боюнча лицензиялык Өзбекстандын ачык кубогунан 11 медаль менен кайтты. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Төрт спортчу ошентип үч алтын, беш күмүш, үч коло медалга ээ болгон.

Мелдешке 300 адам катышса, алардын ичинен алтоо Кыргызстандан болгон. Алардан сырткары, чет өлкөлөрдүн ичинен Чехиядан келген жана жергиликтүү сууда сүзүүчүлөр катышкан.

Кыргызстандык спортчулардын көрсөткөн жыйынтыгы:

Денис Петрашов

  • Брасс түрүндө 50 метр — алтын медаль;
  • Брасс түрүндө 100 м — алтын медаль;
  • Брасс түрүндө 200 м — коло медаль;

Елизавета Рогожникова

  • Чалкасынан сүзүү 200 м — алтын медаль;
  • Чалкасынан сүзүү 100 м — күмүш медаль;
  • Чалкасынан сүзүү 50 м — күмүш медаль, Кыргызстандын рекорду;
  • Комплекстүү сүзүү 200 м — күмүш медаль.

Рамазан Омаров

Эркин стиль 1500 м — күмүш медаль;

Эркин стиль 800 м — күмүш медаль, Кыргызстандын рекорду.

Тенгиз Тюбеев

  • Эркин стиль 1500 м — коло медаль.

Белгилей кетсек, Кубок 2020-жылдын 24-ноябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) старт алып, 29-ноябрда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0