Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышчу балбандар. Тизме

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЧемпионат Европы по борьбе в Минске
Чемпионат Европы по борьбе в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турчу балбандардын тизмесин жарыялады.

Буга чейин агенттик спорттук иш-чарага барчу кыз-келиндердин аты-жөнүн айткан болчу.

Дүйнө кубогу 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча команданын курамы:

  • Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
  • Калы Сулайманов – 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
  • Руслан Царев – 72 кг;
  • Акжол Махмудов – 77 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев – 82 кг;
  • Атабек Азизбеков – 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков – 97;
  • Улукбек Карачолоков – ага машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча команданын курамы:

  • Бекболот Мырзаназар уулу, салмактык категориясы – 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 65 кг;
  • Ислам Орозбеков – 70 кг;
  • Саякбай Усупов – 74 кг;
  • Арслан Будажапов – 79 кг;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу – ага машыктыруучу;
  • Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 10-16-декабрь күндөрү, эркин күрөш 15-декабрдан 20-декабрга чейин созула турганы айтылды. Ал эми кыз-келиндердики 12-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталат.

Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0