Чык рингге! Кулагын тиштеткен Холифилд атаандашы Тайсонго чакырык таштады

© AFP / Sean GardnerБокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд. Архив
Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд бокстагы эзелки атаандаштардан. Алардын 1997-жылдагы кармашы дүйнө элинин спортту сүйгөн катмарынын эсинде калган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд элдин көзүнчө абалкы атаандашы, оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсонго беттешүү чакырыгын таштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал беттешти уландысы менен өткөрүүнү белгилеп кеткен.

Лос-Анжелесте 54 жаштагы Тайсон башка мушкер, 51 жаштагы ардагер спортчу Рой Жонс менен беттешип, тең чыккан.

Тайсон маектеринин биринде Холифилд менен бир кармашсам деген ниетин айткан эле.

"Мен тарап беттеш өткөрүүгө аракеттенип, бирок ар кыл шылтоодон бөлөк эч нерсе ала алган эмес. Мени менен бокска чыгуудан мурда эмне үчүн беттешке аттангандыгын эми түшүнүп турам. Майк үчүн Рой Жонс жакшы атаандаш болду. Ал эми мени менен кармаш чоң окуя болот. Кимдир бирөөлөр көргүсү келген бирден-бир кармаш — экөөбүздүн ортобуздагы беттешүү. Экөөбүз бокска чыкпай койгонго эч кандай себеп жок. Эми актанбашыбыз керек. Тайсон, ишемби күнү кечинде мени менен кармашканга даяр экениңди айттың, анда келишимге кол кой да рингге чык. Дүйнө күтүп жатат, эми баары сага гана байланыштуу. Мен даярмын", — деген Холифилд.

Спортчунун бул айткандарын mmafighting.com жазды.

Тайсон менен Холифилд рингде эки ирет кездешкен. Ал эми 1997-жылдагы беттеште Холифилддин кулагын тиштеп алганы үчүн Тайсон кармаштан четтетилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0