Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды

© Sputnik / Абзал КалиевКыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлдү. Кыргызстандык балбан кыз 293 миңдей добуштун теңинен көбүн алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Кыргызстандык дүйнө чемпиону индиялык Винеш Пхогат менен финалга чыккан болчу.

"Биз менен кошо Айсулуу Тыныбекованы куттуктаңыз. UWW уюмунун "Күрөш тарыхындагы эң мыкты балбан кыз" жарышында жеңүүчү болду. Тыныбекова 292 896 күйөрмандын 58 пайыз добушун алды", — деп айтылат билдирүүдө.

UWW уюмунун виртуалдуу мелдеши онлайн форматта өткөн. Индиялык спортчуга 121,907 адам добуш берсе, Тыныбекованы 170,989 адам колдогон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0