ММА мушкери атаандашын бир мүнөткө жетпей сулатты. Видео

© Sputnik / Владимир АстапковичМушкер. Архив
Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Масунянеге жеңиш алып келген мелдеш 4-декабрь күнү Сингапурдагы Singapore Indoor Stadium аренасында өткөн.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түштүк африкалык MMA мушкери Боканг Масуняне One Championship турниринде атаандашын көз ачып-жумгуча жыга койду. Таймаштын видеосу уюмдун Twitter-аккаунтуна жарыяланды. 

​Масунянеге жеңиш алып келген мелдеш 4-декабрь күнү Сингапурдагы Singapore Indoor Stadium аренасында өткөн. 24 жаштагы африкалык мушкер 41 жаштагы филиппиндик атаандашын 1-раунддун 37 секундасында эле сол буту менен башка тээп, жер кучактатты.

Ушуну менен Масуняне сегизинчи жолу катары менен жеңип жатканы айтылат. Ал эми атаандашынын бешинчи ирет жеңилиши.

Жаңылыктар түрмөгү
0