БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. UFC Russia кыргызстандык спортчу Рафаэль Физиевдин кармашына анонс берди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда "Матрица" фильминдеги башкы каарман Нео октон буйтап кеткен трюк көрсөтүлгөн. Бул ыкманы кыргызстандык мушкер 2017-жылкы турнирлердин биринде, андан кийин 2020-жылы июлда UFC Fight Island 2 учурунда жасаган.
Физиев акыркы беттешин июль айында UFC Fight Island 2 турниринин алкагында британиялык Марк Диакези менен өткөрүп, жеңип алган. Бул кармаш ошол кечтин эң таасирдүү кармашы деп аныкталып, кыргызстандык спортчу 50 миң долларлык бонуска ээ болгон эле.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.
Sputnik агенттиги Кыргызстанда туулуп, кийин чет мамлекеттерге көчүп кетип, азыр аты таанылган адамдарды тизмектеди.
Жергиликтүү ЖМКлардын көбү коронавирустан коргогон дүйнөдөгү алгачкы "Спутник V" вакцинасынын түзүүчүсү Денис Логунов Кыргызстанда туулганын жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Логунов 1978-жылы 13-октябрда Фрунзе шаарында туулган. 43 жашында Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болууга жетишкен. Учурда ал Гамалея атындагы илимий борбордо директордун орун басары, клеткалык микробиология лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.
Белгилүү украин спортчусу да биздин жердеш. Ал Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган. Профессионалдык бокс боюнча WBO версиясында дүйнө чемпиону болгон. Азыр саясат менен алектенип, Киев шаарын башкарып келет.
"Город 312" тобун кимдер гана билбейт. Аталышы да жөн жерден эмес, 312 — Бишкектин эл аралык телефондук коду. Топтун башкы солисти Светлана Назаренко 1970-жылы 17-октябрда Бишкекте туулган. Москвада жашаган ырчы мекениндеги концерттик иш-чараларга келип турат.
Аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко менен ушул лиганын спортчусу, эжеси Антонина Шевченко да Бишкекте төрөлгөнүн билебиз. Учурда АКШда турушат. Алар мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу. Башында КВНге аралашып жүрүп, кийин азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана дагы бир КВНчи Василий Куценко үчөө Россиянын телеканалдарында эмгектенишкен. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдап, "Кухня" сериалынын сценарийин жазып жүрүп, кыргызстандык Айнуранын образынын пайда болушуна себепкер болгон.
Илзат Ахметов Бишкекте төрөлүп, "Алга" футбол командасында тарбияланган. Учурда москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына кошулган.
Ахметов Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун тобуна кирет.
Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, медиаменеджер, коомдук жана маданий ишмер Михаил Швыдкой Кант шаарында төрөлгөн. Ал иш сапары менен Кыргызстанга келип турат.
Аламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып келип берген. Ал 90-жылдары Бишкекте машыктыруучу болуп иштеген. Бир топ жылдан бери Колпакова Россияда турат, бирок туулган жерин, Кыргызстанды эстен чыгарбайт. Былтыр Бишкекке келгенинде өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен кезиккен.
Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун (Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубатчылыгы боюнча федералдык кызмат) мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко да жердешибиз экенин билгендер аз чыгар. Ал 1950-жылы 21-октябрда Ош облусунун Чаңгыр-Таш айылында туулган.
Испаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү. Ал 2000-жылы эл аралык федерациянын версиясы боюнча ХХ кылымдагы эң мыкты гандбол оюнчуларынын бири деп таанылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Сатиралык жанрдагы россиялык актриса, КВН командасынын продюсери, Stand Up шоусунун мурдагы катышуучусу Юлия Ахмедова Бишкектин четинде жайгашкан Кант шаарынан. Маектеринде да балалыгы Кыргызстанда өткөнүн айтканды унутпайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бокс боюнча Евпопанын, дүйнөнүн чемпиону, СССРдин спорт чебери Андрей Курнявка да фрунзелик. Кийин Россиянын жарандыгын алган. Ал рингде 350 беттеш өткөрүп, анын 150сүн нокаут менен жеңген.
Кыргызстан менен Россиянын баатыры наамын алган Салижан Шариповду укканда дароо көзүбүзгө космонавт элестейт. Кыргыздын алгачкы космонавты Ош облусунун Өзгөн районунда 1964-жылы 24-августта төрөлгөн.
Профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, Россиядагы жана Америкадагы беделдүү турнирлердин жеңүүчүсү Дмитрий Бивол Токмоктон болот. 2017-жылы Биволду ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган.
Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдогон. Анын аты Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Казакстанда өзгөчө таанымал. Анткен менен ушул тапта Россиянын кино тармагында өз ордун таап, "Лектор", "Дом на Озерной", "Дворик", "Судьба на выбор", "Снайперы: Любовь под прицелом" сыяктуу тасмаларга тартылган. Актер 2015-жылы өзүн режиссер катары сынап көрүү максатында Москвадан Алматы шаарына көчүп кеткен.
Жалал-Абад шаарында туулган Юрий Мельниченконун ысымы 1990-жылы эл аралык аренада "дүңк" эле дей түшкөн. Ал жаштар арасына дүйнө чемпиону аталып, Венгрияда, Израилде, Францияда өткөн эл аралык мелдештерде байге алып келген. Бирок өлкөдө ага колдоо жок болгондуктан Казакстандын туусун көтөрүп, олимпиада оюндарынан алтын алып берген.
Россиянын КВН оюнчусу, "Кухня" аттуу белгилүү сериалдын авторлорунун бири, көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору Василий Куценко таластык жигиттердин бири.
БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.
ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.