ACA турниринде атаандашын сулата чапкан Алтынбек Мамашов беттешке чыгат

Жазылуу
Октагондо "Золотой" каймана аты бар Алтынбек Мамашов соңку кармашын былтыр, 29-ноябрда, Астана шаарында өткөрүп, жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү мушкер Алтынбек Мамашов АСА 116 турниринде беттешке чыгарын уюштуруучу компания Instagram тармагындагы расмий баракчасы аркылуу билдирди.

Турнир 18-декабрда болот. Ал көрүүчүсү жок өткөндүктөн түз эфирден гана баам салууга мүмкүн экени айтылды.

Мамашовдун атаандашы россиялык Виталий Слипенко. Ал октагондо 15 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңүүчү аталган.

ONE FC: Кыргызстандык Кямран Аббасов чемпиондук курун ийгиликтүү коргоду - Sputnik Кыргызстан
ONE FC: Кыргызстандык Кямран Аббасов чемпиондук курун ийгиликтүү коргоду
Октагондо "Золотой" каймана аты бар Алтынбек Мамашов соңку кармашын былтыр, 29-ноябрда, Астана шаарында болгон ACA 102 турниринде өткөрүп, казакстандык Гойти Дазаевди сулата чаап, көпчүлүктү таң калтырган.

Спортчу жалпы 15 турнирге катышып, бирөөндө гана утулуп калганы маалым.

ACA — Ахматтын абсолюттук чемпионаты уюму дүйнө жүзүндөгү промоушендердин ичинде экинчи орунда турары МMA-oracle сайтында жазылган. Мындай рейтингге жетиши мурдагы эки уюмдун бир компанияга бириктирилишине байланыштуу. Биринчи сапта адаттагыдай эле UFC орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0