Германияда футболчу "шылдыңдаган" гол киргизгени үчүн жазаланды. Видео

© AP Photo / Carmen JaspersenШтутгарт менен Вердердин Германиядагы беттеши. Архивдик сүрөт
Штутгарт менен Вердердин Германиядагы беттеши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Штутгарт" чемпионаттын кезектеги турунда "Вердер" командасы менен конокто ойноп, 2:1 эсебинде уткан. Жеңиш алып келген эки голду тең Вамангитука киргизген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Германиянын "Штутгард" футболдук клубунун чабуулчусу Силла Вамангитука атаандаштын дарбазасына киргизген өзгөчө голу үчүн жазаланды. Бул тууралуу Fox Sports жазды.

Англия улуттук курама командасынын машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси
"Штутгарт" чемпионаттын кезектеги турунда "Вердер" командасы менен конокто ойноп, 2:1 эсебинде уткан. Жеңиш алып келген эки голду тең Вамангитука киргизген. Футболчу беттештин кошумча берилген убактысында киргизген экинчи голу үчүн жазага тартылган.

"Вердердин" коргоочусу дарбазачысына берген тобун Вамагитука шамдагайлык менен алып кетип, бош дарбазага киргизбей атаандашты күтүп турган. Дарбазачы жакындаган учурда ал шылдыңдаган таризде топту тээп койгон.

"Вердердин" оюнчулары чабуулчунун бул кылганын шылдыңдоо катары кабыл алып, ага нааразылык билдиришкен. Беттештин калысы Вамангитуканы сары айып кагазы менен жазалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0