Роналду менен Мессинин командалары беттешчү оюнга карата промо жарыяланды

© AFP / JOSEP LAGOАргентиналык футболчу Лионель Месси жана Португалиялык Криштиану Роналду. Архив
Аргентиналык футболчу Лионель Месси жана Португалиялык Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каталондук "Барселона" менен туриндик "Ювентус" Чемпиондор лигасынын бүгүнкү тайпалык баскычынын акыркы турунда кез келишет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Барселона" Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычында "Ювентус" менен болуучу оюндун алдында эпикалык промо чыгарды. Бул промо каталондук клубдун Twitter баракчасына жарыяланганын eurosport.ru жазды.

​Анда Лионель Месси менен Криштиану Роналду маңдайлаш отуруп, бири-бирине каршы ойногон беттештердин жыйынтыгын карап жаткан сүрөт бар. Аргентиналык спортчу отурган жактагы күзгүдө GOAT (Greatest of all time, мыктылардын мыктысы – ред.) деген жазуу турат.

Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондор лигасындагы футболдук беттешти биринчи жолу аял-калыс тейледи
Каталондук "Барселона" менен туриндик "Ювентус" Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турунда кездешет. Беттеш испандыктардын "Камп Ноу" футбол талаасында Бишкек убактысы боюнча 9-декабрга караган түнү саат 02:00дө башталат. Эки команда тең мөөнөтүнөн мурда эле мелдештин плей-офф баскычына жолдомону камсыз кылган.

Эзелки атаандаш футболчулардын командаларынын 28-октябрда Туринде өткөн биринчи беттешинде каталондуктар 2:0 эсебинде утуп кетишкен. Усман Дембеле менен Лионель Месси киргизген голдор беттештин тагдырын чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0