Чемпиондор лигасынын плей-офф баскычына өткөн командалар аныкталды

© REUTERS / Sergio PerezРеал Мадрид менен Боруссия Дортмунддун оюну
Реал Мадрид менен Боруссия Дортмунддун оюну - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Плей-офф баскычына өткөн командалардын арасынан "Атлетико", "ПСЖ" жана "Реал" тайпадагы акыркы турдагы жеңиши менен чыгышты.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 8/1 финалында ойноочу бардык 16 команда аныкталды. Европа футбол уюмунун расмий сайты маалымдагандай, плей-офф баскычына өткөн командалардын арасынан "Атлетико", "ПСЖ" жана "Реал" тайпадагы акыркы турдагы жеңиши менен чыгышты.

​Германиялык "Бавария", "Боруссия" (Дортмунд), англиялык "Манчестер Сити", "Ливерпуль" жана "Челси", Италиянын "Ювентус", франциялык "Пари Сен-Жермен", испаниялык "Реал" клубдары алдыңкы сегиздикке киришти. Булар чүчү кулакта бири-бирине туш келбейт.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети жаңыланат
Ал эми экинчи сегиздиктеги португалиялык "Порту", италиялык "Аталанта" жана "Лацио", испаниялык "Атлетико", "Севилья" жана "Барселона", германиялык "РБ Лейпциг" жана "Боруссия" (Менхенгладбах) чүчү кулактын негизинде биринчи топтогулар менен беттешет.

Плей-офф баскычына чүчү кулак тартуу 14-декабрда Ньон шаарында өтөт. Бул раунддун биринчи беттештери 16-17, 23 жана 24-февралда, ал эми жооптук оюндар 9-10 жана 16-17-мартта өтөт.

Европада клубдар арасындагы эң абройлуу делген Чемпиондор лигасы мелдешин өткөн жылы Германиянын "Бавария" командасы уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0