Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытый чемпионат по тяжелой атлетике в Кыргызстане
Открытый чемпионат по тяжелой атлетике в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу кыз негизги басымды гимнастикага жасап, аптасына тогуз саат машыгат. Ал эми оор атлетиканы өзүнүн хоббиси деп эсептегени айтылат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Канадалык жети жаштагы Рори ван Ульфт 80 килограмм салмактагы штанганы көтөрдү. Бул тууралуу Daily Mail маалымат булагына таянып Р-Спорт жазды.

Оттава шаарында жашаган темир билек кыз мектепте окуп, гимнастика жана оор атлетика менен машыгат. Ал жакында эле АКШда 30 килограмм салмактагылар арасында мелдешке катышып, жеңип алган. 13 жаштагы кыздар менен атаандашкан Рори эң жаш спортчу болгон.

Рори өзүнүн Instagram баракчасына машыгуудагы видеолорун жарыялап келет. Алардын биринде ал 80 килограммдык темирди түртүп көтөргөнү бар. 
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rory van Ulft (@roryvanulft)

Спортчу кыз негизги басымды гимнастикага жасап, аптасына тогуз саат машыгат. Ал эми оор атлетиканы өзүнүн хоббиси деп эсептегени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0