Физиев менен Фергюсон чыкчу беттештерди каяктан көрүүгө болот? Тизме

© REUTERS / Jerry Lai - USA TODAY SportsАмерикалык UFC мушкери Тони Фергюсон. Архив
Америкалык UFC мушкери Тони Фергюсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан окурмандарына кыргызстандык Рафаэль Физиевдин, америкалык Тони Фергюсондун UFC мелдешиндеги беттештерин түз эфирден көрсөтө турган телеканал жана сайттардын тизмесин сунуштайт.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Рафаэль Физиев ушул жекшембиде АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүүчү мелдеште жеңил салмакта бразилиялык Ренато Мойкано менен таймашат.

Беттеш UFC 256 мелдешинин жогорку кардына коюлуп, Физиевдин карьерасында эң жооптуу беттештерден болмокчу. Андан өйдө жакка кеченин экинчи жана эң башкы беттештери коюлган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Физиев Ренато Мойкано менен 28-ноябрда Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 184 мелдешинде беттешмек, бирок кыргызстандык спортчунун атаандашы коронавируска кабылып, кармаш 12-декабрга жылдырылган.

Спорттук эксперттер кыргызстандык мушкерге промоушенде биринчи жолу "люкс-класстагы" атаандаш туш келгенин белгилешүүдө. Мойкано өз кезегинде Jungle Fight утурумдук чемпиондук титулдун ээси болууга жетишкен. 2014-жылы UFC уюмунда беттешке чыга баштап, төрт жыл ичинде жеңил салмактагы рейтингде алдыңкы төрттүккө кирген. Мойкано алгачкы алты беттешинин бешөөсүн уткан. Ооматы келген жылдары Хабиб Нурмагомедовдун досу Зубайра Тухуговду, Жереми Стивенсти, Келвин Кэттерди жана Каба Суонсонду жеңип алган.

Кийин Жозе Альдого жана Корей Зомбисиге жеңилип, Дамир Хадзовичти уткан. Жалпысынан Ренато Мойкано 14 беттеште утуп, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан. Эгерде ал Рафаэль Физиевди жеңип алса, дивизиондогу алдыңкы он бештикке кире алат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Renato Moicano - UFC (@renato_moicano_ufc)

Рафаэль Физиев акыркы ирет британиялык Марк Диакези менен июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Беттеш кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.

Уюмдун эң жеңил салмагындагы бразилиялык Дейвисон Фигередо менен рейтингдин лидери Брэндон Моренонун кармашы UFC 256 мелдешинин башкы беттеши болот. Фигередо чемпиондук курун коргогондон үч аптадан соң кайрадан октагонго чыгат. UFC 255 мелдешинин башкы беттешинде бразилиялык чемпион Алекс Перезди биринчи эле раундда муунтуп утуп алган. Эгер ал эртең төртүнчү жолу жеңишти камсыздай алса, анда жылдын мушкери наамына татыктуу талапкер болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Renato Moicano - UFC (@renato_moicano_ufc)

Экинчи башкы беттеште жеңил салмактын атактуу мушкерлери Тони Фергюсон менен Чарльз Оливейранын кармашы болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Фергюсон акыркы жолу UFC 249 мелдешинин башкы беттешинде Жастин Гэтжиден жеңилип, 13 беттешти удаасы менен уткан жеңиштер сериясы үзүлгөн. Чарльз Оливейра UFC уюмундагы акыркы алты беттешин катары менен уткан. Эгер ал Фергюсонду жеңип алса, анда анын дивизиондун чемпиондук наамы үчүн жарышуусуна жол ачылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Беттештер качан башталат?

Расписаниеге ылайык, таймаштар Бишкек убактысы боюнча болжол менен таңкы саат 08:30дарда башталып, 11:00гө чейин созулат. Физиев — Мойкано кармашы болжол менен 9:30да, ал эми Фергюсон — Оливейра беттеши 10:00дө болот.

Setanta Sports телеканалы эрежесиз мушташтын күйөрмандарына акысыз алып көрсөтөрүн айтууда.

Мелдеш күнү NewsMMA порталынын башкы бетинде түз алып берүүлөрдүн шилтемелери чыгат

Мелдештин жүрүшүн More.TV жана Wink платформаларынан акы төлөп көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0