Шайыр учурашты... Физиев менен Мойканонун көз караштар таймашы

Жазылуу
Эки мушкердин беттеши UFC 256 мелдешинин жогорку кардына коюлган. Кармаш жекшембиде АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев менен бразилиялык Ренато Мойкано UFC 256 турниринин алдындагы көз караштар таймашында кезикти. Алардын кол алышып, бири-бирине көзмө-көз карашкан видеосун UFC Russia уюму Instagram баракчасына жарыялады.

Промоушендин кезектеги мелдеши жекшембиде АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.

Эки мушкердин беттеши UFC 256 мелдешинин жогорку кардына коюлуп, Физиевдин карьерасында эң жооптуу беттештерден болмокчу. Андан өйдө жакка кеченин экинчи жана эң башкы беттештери коюлган. Спорттук эксперттер кыргызстандык мушкерге промоушенде биринчи жолу "люкс-класстагы" атаандаш туш келгенин белгилешүүдө. Рафаэль Физиев акыркы ирет британиялык Марк Диакези менен июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Беттеш кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.

Rыргызстандык спортчу Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Буйтаган Физиев: UFC спортчунун беттеши боюнча элди кулагдар кылды. Видео
Мойкано өз кезегинде Jungle Fight утурумдук чемпиондук титулдун ээси болууга жетишкен. 2014-жылы UFC уюмунда беттешке чыга баштап, төрт жыл ичинде жеңил салмактагы рейтингде алдыңкы төрттүккө кирген.

Физиев менен Мойкано 28-ноябрда Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 184 мелдешинде беттешмек, бразилиялык спортчу коронавируска кабылып, кармаш 12-декабрга жылдырылган.

Sputnik Кыргызстан окурмандарына кыргызстандык Рафаэль Физиевдин, америкалык Тони Фергюсондун UFC мелдешиндеги беттештерин түз эфирден көрсөтө турган телеканал жана сайттардын тизмесин сунуштаганын төмөнкү шилтемеден кирип көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0