Тони Фергюсон бразилиялык Чарльз Оливейрага утулду. Видео

© AP Photo / John LocherБоец UFC Тони Фергюсон
Боец UFC Тони Фергюсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлердин кармашы промоушендин бүгүн, 13-декабрда, Лас-Вегаста өткөн мелдешинин башкы беттештеринин бири болду.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бразилиялык ММА мушкери Чарльз Оливейра UFC 256 мелдешинде америкалык Тони Фергюсонду утуп алды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.  

Беттештин урунттуу учурларынын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.  

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от L'OCTOGONE 🎅 (@loctogone.mma)

Мушкерлердин кармашы промоушендин бүгүн, 13-декабрда, Лас-Вегаста өткөн мелдешинин экинчи башкы беттеши болду.

​Үч раунддук таймаштын жыйынтыгы менен үч калыс тең жеңишти Оливейрага ыйгарган.

​Муну менен жеңил салмакта жетинчи катарда турган бразилиялык мушкер сегизинчи беттешти удаасы менен утту. 31 жаштагы спортчу карьерасында 39 беттештин 30унда жеңүүчү болгон. Сегиз ирет жеңилип, бир беттеши аягына чыкпай калган.

Дивизиондо үчүнчү сапта бара жаткан Фергюсон экинчи ирет удаасы менен утулду. 36 жашка чыккан америкалык мушкер ММА спортунда 26 беттешти утуп, беш жолу жеңилген.

Тони Фергюсон жеңил салмактын утурумдук чемпиону да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0