БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жана радиосунун алып баруучусу Асылбек Бактыбеков KTRK SPORT AWARDS-2020 сыйлыгында "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталды.
Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 13-декабрда, Коомдук биринчи каналда болгон. Иш-чараны КТРК Спорт каналы беш жылдыгына карата уюштурган. Анда жылдын мыкты спортчулары жана спорт тармагында эмгектенген адамдар аныкталган.Алгач КТРК Спорт каналы ар бир номинация боюнча беш талапкерди тандап алып, күйөрмандардын добушуна койгон.
Беш талапкердин арасында эң көп добуш алып Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова, Sputnik Кыргызстан радиосунун кабарчысы Асылбек Бактыбеков жана Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын кызматкери Маматкадыр Маматалиев финалга чыгышкан. Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен Асылбек Бактыбеков "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталган. Ал эми Гүлдана Талантбекова жана Маматкадыр Маматалиев атайын диплом менен сыйланышты.
Анын ийгилигине чоңдор да суктанышат. Василиса болгону жети жашка чыкса да сноуборд боюнча көптөгөн мелдештерде жеңүүчү болуп, алтын медалдарды тагынган. Канчалаган чакырымдык тоо лыжа трассаларын багындырып, Россияда үч рекорд койгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Өспүрүм спортчу кыз алгачкы ирет үч жашында сноуборддун тактайына бут койгон. Ошондон бери ал аталган спортто албан ийгиликтерди жаратып келет.
Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.
Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду.
Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.
Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.
Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.