Жоламан Шаршенбеков күрөштөн Дүйнө кубогунун финалына чыкты

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanБорец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков
Борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогу Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеш пандемияга байланыштуу дүйнө чемпионатынын ордуна уюштурулган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты. Мелдеш UWW уюмунун расмий сайтынан түз алып көрсөтүлүп жатат.

Жоламан жарым финалда түркиялык Ахмет Уярды 5:1 эсебинде утту. Эми алтын байге үчүн россиялык Степан Марянян менен кармашат.

Красивый нокаут Физиева назван выступлением вечера — бонус $50 тысяч от UFC - Sputnik Кыргызстан
Физиев нокауту үчүн 50 миң доллар алды. UFC 256 турниринин кызыктуу ирмемдери
60 килограмм салмакта күрөшкөн Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда венгриялык Виктор Чобануну 8:0 эсебинде утту. Ал эми 8/1 финалда болгар балбаны Максим Кажарскийди жеңип алган.

Эскерте кетсек, 63 килограмм салмакта ат салышып жаткан дагы бир кыргызстандык спортчу Калы Сулайманов да жарым финалга чыккан. Азыр ал россиялык Жанболат Локяев менен кармашат.

Спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогу Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеш пандемияга байланыштуу дүйнө чемпионатынын ордуна уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0