Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда алгачкы атаандашын таза жеңиш менен утту

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан кыз килемге 62 килограмм салмак категориясы боюнча 1/8 финалына чыгып, румыниялык атаандашы Крисца Тунде менен күрөштү.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алгачкы беттешин жеңиш менен баштады.

Ал килемге 62 килограмм салмак категориясы боюнча 1/8 финалына чыгып, румыниялык атаандашы Крисца Тундени 10:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алды.

Тыныбекова эми чейрек финалда түркиялык Кансу Аксой менен франциялык Амелин Дуарре беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Азыркы тапта Кыргызстандын балбандарынын куржунунда бир коло медаль бар. Анын грек-рим күрөшүнөн Руслан Царев алып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0