Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогу мелдешинин жарым финалына чыкты

© Sputnik / Абзал КалиевКыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова эми россиялык Любовь Овчарова менен жарым финалда кармашат. Финалга чыгуучу кармаштар Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты. Дүйнө чемпиону чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду 10:0 таза артыкчылык менен жеңди.

Тыныбекова эми россиялык Любовь Овчарова менен жарым финалда кармашат. Финалдык кармаштар Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат.

Бул салмактын лидери алгачкы беттешинде румыниялык атаандашы Крисца Тундени 10:0 эсебинде таза жеңиш менен уткан. 

Эскерте кетсек, бүгүн грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта алтын байге үчүн россиялык Степан Марянян менен кармашат.

Ал эми 63 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык балбан Калы Сулайманов азербайжандык Тале Маммедов менен коло байге үчүн бүгүн таймашат.

Кечээ 72 килограмм салмакта Руслан Царев үчүнчү орунду ээлеп, Кыргызстандын капчыгына алгачкы медалды алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0