Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда финалга чыкты. Эмки атаандашы да аныкталды

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова катары менен үч кармашта жеңди. Ал 1/8 финалдан тарта намыс талаша баштаган. Алгачкы эки беттешин эң сонун ийгилик менен баштады.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда Дүйнө кубогунун финалына чыкты.

Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңип алды.

Уроженка кыргызстана, фигуристка сборной Австрии Элес Намазалиева - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кызы Элес көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Видео
Буга чейин Тыныбекова алгачкы беттешинде румыниялык атаандашы Крисца Тундени 10:0 эсебинде таза жеңиш менен уткан. Аны менен таймашкандар Түркиядан жана Румыниядан болгон эле.

Финалда Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет. Маанилүү бул кармаш эртең, 15-декабрда, болот.

Учурда кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда бир коло медаль бар. Ал рим күрөшү боюнча спортчу Руслан Царевге таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0