Калы Сулайманов Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Калы Сулайманов. Архив
Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Калы Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында спорттун күрөш түрлөрү боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Калы Сулайманов Дүйнө кубогу мелдешинин коло медалына татыды. Үчүнчү орун үчүн кармашта ал азербайжандык Тале Маммедовду 7:6 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин алтын байгесин утту
Сулайманов 63 килограмм салмакта ат салышып, жарым финалда россиялык Жанболат Локяевге жеңилген. Калы армениялык Геворг Габирянды утуп, жарым финалга чыккан болчу.

Эскерте кетсек, бүгүн 60 килограмм салмакта таймашкан кыргызстандык дагы бир балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө кубогунун алтын байгесин утту. Финалда ал россиялык олимпиада чемпиону Степан Марянянды жеңип алды.

Буга чейин 72 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык балбан Руслан Царев коло медаль уткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0