Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив

Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди

210
(жаңыланган 09:17 17.12.2020)
Айпери жарым финалда германиялык Алине Фоккенге жеңилип калды. Германиялык спортчу финалга чыгып, Медет кызы коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы аялдар күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун коло байгесин утту. Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты түз көрсөттү.

Үчүнчү байгелүү орун үчүн кыргыздын балбан кызы россиялык Екатерина Букина менен кармашты. Медет кызы атаандашын 11:8 эсебинде утту.

Ал 76 килограмм салмактын чейрек финалынан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде утуп алган. Жарым финалда германиялык Алине Фоккенге 4:6 эсебинде жеңилген болчу.

Германиялык спортчу финалга чыгып, кыргызстандык балбанга коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгон.

Эскерте кетсек, бүгүн эле 68 килограмм салмакта кыргызстандык балбан кызы Мээрим Жуманазарова алтын медаль уткан. Ал эми кечээ 62 килограмм салмактагылар арасында Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон.

210
Белгилер:
Белград, Дүйнө кубогу, Айпери Медет кызы, күрөш
Тема боюнча
Тыныбекованын Дүйнө кубогундагы финалдык беттеши. Толук видео
Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Булкушуп, жулкушуп... Айаал Лазаревдин дүйнөлүк мелдеште коло уткан видеосу

73
(жаңыланган 13:14 08.05.2021)
Кыргызстандык балбан баштапкы этапта индиялык балбанга жеңилип, Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду. Калган беттештерди артыкчылык менен уткан.

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште коло байге утту. Турнирдин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Алп балбан коло байге үчүн кармашта венгриялык Диас Робертти 7:5 эсебинде утуп алды.

Лазарев мелдештин баштапкы этабында Индия балбаны Сумит Сумит менен кармашкан. 2:1 эсебинде утуп жатып, беттештин бүтөрүнө 22 секунда калганда бир упай алдырып койду. Эсеп 2:2 менен аяктап, акыркы аракетти жасаган балбанга артыкчылык берилген эрежеге ылайык жеңиш индиялыкка ыйгарылган.

Сумит финалга чейин жеткендиктен Лазарев көңүл жубатуучу беттештерге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Адегенде молдовалык Александр Романовду, андан соң өзбекстандык Рустам Искандаринин далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өттү. Анда биринчи жана экинчи орунду камсыздаган балбандарга Токио Олимпидасына жолдомо берилди.

Аталган мелдеште кыргызстандык Алмаз Сманбеков (57 килограмм), Арсалан Будажапов (74 килограмм) жана Саякбай Усупов (86 килограмм) лицензия үчүн таймашып, ийгиликке жете алышкан жок.

73
Белгилер:
мелдеш, Болгария, жолдомо, олимпиада, Токио, эркин күрөш, Айаал Лазарев
Тема боюнча
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярданууда
Кыргызстан акыркы лицензиялык мелдешке тандалган балбандарды жиберет
Боксучлар беттеш учурунда. Архив

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярданууда

34
Чемпионатка даярдык көрүп жаткандар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын календарлык планына ылайык машыгып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, эл аралык турнирге даярдык көрүү үчүн спортчулар Бишкекте машыгып жатат.

Машыгуу 18-майга чейин улана турганы айтылды. Спортчулардын тизмеси:

  • Мирлан Туркбай уулу, 49 кг;
  • Анваржан Ходжиев, 49 кг;
  • Азат Усеналиев, 52 кг;
  • Нуржигит Дүйшөбаев, 52 кг;
  • Диер Тилебалдиев, 52 кг;
  • Эмир Эркинбеков, 52 кг;
  • Акыл Эсенбек уулу, 56 кг;
  • Мунарбек Сейитбек уулу, 56 кг;
  • Туйгунбек Иманкадыров, 56 кг;
  • Мирзахит Имамназаров, 60 кг;
  • Умар Ливаза, 60 кг;
  • Бахтияр Ахунбаев, 60 кг;
  • Дмитрий Пучнин, 63 кг;
  • Рыспек Бектенов, 63 кг;
  • Султан Асанкул уулу, 63 кг;
  • Нурсаид Иминджанов, 63 кг;
  • Азис Сабиров, 63 кг;
  • Алманбет Шайырбек уулу, 63 кг;
  • Сыргак Абдыжапар уулу, 69 кг;
  • Өмүрбек Маманов, 69 кг;
  • Нурадин Рустамбек уулу, 69 кг;
  • Сайырлан Нурбеков, 75 кг;
  • Өмүрбек Бекжигит уулу, 75 кг;
  • Жаркынбек Туратов, 75 кг;
  • Эркин Адылбек уулу, 81 кг;
  • Бакыт Токтосун уулу, 81 кг;
  • Рустам Ырысбек уулу, 91 кг;
  • Халид Алиев, 91 кг;
  • Бекболсун Токтосун уулу, 91 кг;
  • Эржан Толкун уулу, 91 кг;
  • Данияр Жусубалиев, башкы машыктыруучу
  • Жылдызбек Ниязалиев, ага машыктыруучу;
  • Данияр Төлөгөн уулу, ага машыктыруучу;
  • Улан Сагынбаев, машыктыруучу.

Белгилей кетсек, машыгуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын календарлык планына ылайык жүрүүдө.

34
Белгилер:
спортчу, машыгуу, бокс, Азия чемпионаты
Тема боюнча
Легендарлуу боксчу Орзубек Назаров китебин презентациялады
Кыргызстандык балбан Лазарев UFC мушкери Романовду көтөрүп чаап утуп алды
Ош суу канал ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келүүсү

Ош шаарында эки күндөн бери суу жок. Мэрия унаа менен ташымай болду

0
Таза суунун үзгүлтүккө учурашына Папан суу сактагычы тарапта сел сүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланганы себеп болгон.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ош шаарында эки күндөн бери ичүүчү суу берилбей жатат. Таза суунун үзгүлтүккө учурашына жааган жамгырдан улам Папан суу сактагычы тарапта сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланганы себеп болгонун мэрия кабарлады.

Городское предприятие Водоканал поставляет воду на водовозах для жителей микрорайонов города Ош
© Фото / пресс-служба мэрии г. Ош
Ош шаарында эки күндөн бери ичүүчү суу берилбей жатат

Буга байланыштуу Юго-Восток, ХБК, Туран, Достук кичи райондору, Калинин массиви жана башка конуштар кечээтен бери суусуз отурат.

Мындан улам калаа мэриясы "Ош суу канал" ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.

Таза суу алууну каалаган шаардыктар төмөнкү телефондор аркылуу чалып ала алышат:

  • 0556039599; 0556460585; 0559566671; 0558140888;
  • 8-11-15; 8-11-51; 5-04-16;
  • 105.
0
Белгилер:
кайрылуу, дарыя, Ак-Буура, суу, Папан суу сактагычы
Тема боюнча
Министр: Лейлек районуна суу сактагыч куруу пландалып жатат
Ноокат шаарына таза суу киргизүү үчүн чет жактан 4,8 млн. евро алынууда