Кыргыздар алдыга кетти. UFC уюмунун экс-мушкери Тактаров Физиевди үлгү кылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТворческая встреча с Олегом Тактаровым
Творческая встреча с Олегом Тактаровым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тактаров россиялык спортчулар жөнүндө айтып, ошондой эле кыргызстандык Рафаэль Физиевдин өнөрүн белгилеп, анын жакында өткөн беттешин мисал келтирди.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. UFC мелдешине Россиядан биринчи болуп чыккан мушкер Олег Тактаров кыргызстандык спортчу Рафаэль Физиевдин мыктылыгына суктанды. Бул тууралуу "Спорт-экспресс" жазды.

Тактаров мушкер Физиевди россиялык спортчулар Магомед Исмаилов жана Иван Штырковго үлгү кылган.

"Мушкерлер PR-кампания жүргүзгөнү үчүн эл алардын беттешин көрдү. Эгерде биздин Россиянын ММА спортунун абалы ушундай болсо, бул өтө өкүнүчтүү. Бул жагынан кыргыздар бизден миллион кадам алдыга кетти, анткени Физиев мыкты соккуларды жасай алат экен. Анын жаш курагы деле кары эмес", — деген Тактаров Instagram аркылуу түз эфирде.

Ал кыргызстандык мушкердин бутунда ишенимдүү туруп, кулап калбай, мыкты комбинацияларды жасаганын жана мыкты коргоно аларын белгилеген.

Тайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде атаандашын нокаутка сулатты. Видео
"Магомед Исмаилов менен Иван Штырковдун беттешинде эмнени белгилесе болот? Партерде жасалган аракеттерди биз көргөн жокпуз. Бутка кирген укмуш ыкмалар болгон жок. Сокку уруучу кандайдыр бир комбинация деле жасалдыбы? Алардын беттешинен эмнени көрүүгө болот?" — деген UFC уюмунун экс-мушкери.

12-декабрда UFC 256 мелдешинде кыргызстандык спортчу биринчи эле раундда атаандашын нокаут кетирип уткан. Мыкты беттеш көрсөткөнү үчүн мушкер 50 миң доллар бонус алган.

Исмаилов менен Штырковдун кармашы Москвада 13-декабрда АСА 115 мелдешинин алкагында болгон. Үч раундга созулуп, калыстардын чечими менен Исмаилов уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0