Атаандашы жер муштап... Балбан Орозбеков Дүйнө кубогунан коло медаль утту. Видео

© Photo / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Исламбек Орозбеков мелдеш учурунда
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Исламбек Орозбеков мелдеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Кыргызстандан ага жети балбан катышты.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Исламбек Орозбеков Дүйнө кубогу мелдешинен коло медаль утту. Байге үчүн кармашта ал азербайжандык Гитиномагомед Гаджиевди 6:5 эсебинде утуп алды.

Кармаштын алгачкы мүнөттөрүндө эсеп 2:2 болуп турганда кыргыз балбаны төрт упайлык ыкма жасап, 6:2 менен алдыга озгон. Беттештин аягына чейин атаандашын жеткирген жок.

Азия күрөш уюму (UWW.Asia) Ислам Орозбековдун утуп алып сүйүнгөн, ал эми Гитиномагомед Гаджиевдин жеңилип жер муштаган видеосун Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от United World Wrestling Asia (@uww.asia)

Орозбеков мелдештин 8/1 финалынан тарта таймашып, Албания, Индия балбандарын утуп, жарым финалда түркиялык Хайдар Йауздан утулган болчу.

Ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Кыргызстандан жети балбан катышты. Азырынча байгелүү орунга жеткен башка балбан боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0