Ибрагимовичтин голу MLS чемпионатынын тарыхында эң мыкты деп табылды. Видео

© AFP / Katharine Lotze / Getty ImagesФутболист Златан Ибрагимович из Лос-Анджелес Гэлакси
Футболист Златан Ибрагимович из Лос-Анджелес Гэлакси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Швед футболчусу өзүнүн жаңы клубу "Гэлакси" үчүн ойногон биринчи эле беттешинде дубль жасаган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Швед футболчу Златан Ибрагимовичтин Major League Soccer (MLS) чемпионатында "Лос-Анджелес" клубунун дарбазасына киргизген тобу түндүк америкалык лиганын тарыхындагы эң мыкты гол деп табылды.

Оюндун видеосу аталган лиганын Instagram баракчасына чыкканын Р-Спорт жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Major League Soccer (@mls)

Швед футболчусунун "Гэлакси" үчүн ойногон биринчи беттеши болчу. Ал "Лос-Анджелестер" дербисинде (бир шаардын эки командасынын беттеши) дубль (бир беттеште эки гол) жасаган.

Первый раунд Лиги Европы между Тоттенхэм и Лудогорец - Sputnik Кыргызстан
Тоттенхэм футболчусунун талаа ортосунан киргизген таң калычтуу голу. Видео
Футболчу көкөлөп түшүп келе жаткан топту жерге тийгизбей туруп, алыскы аралыктан таамай тээп киргизген. Анын кошумча берилген убакытта киргизген голу керемет көрүнүш болуп эле калбастан, командасына жеңиш алып келген.

Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунда 2018-2019-жылдары ойногон. Өткөн жылдын декабрь айынан тарта ал Италиянын "Милан" командасына өткөн.

Белгилей кетсек, Ибрагимович кооз гол киргизген оюн 2018-жылы өткөн, жалпы жыйынтык менен тарыхтагы мыкты гол катары эми гана таанылды.

Италия чемпионатында да Ибрагимович кооз гол киргизген. Учурда ал 10 голу менен Ромелу Лукаку, Криштиану Роналду сыяктуу чабуулчуларды артка калтырып, бомбардирлер тизмесинин сап башында келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0