Футболчу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин "Шейх Рассел" клубуна өттү

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасында ойногон Бахтияр Дүйшөбеков. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасында ойногон Бахтияр Дүйшөбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бахтияр Дүйшөбеков 2020-жылдагы сезондун башында "Башундара Кингс" (Бангладеш) клубунда ойногон. Коронавируска байланыштуу чемпионат токтотулуп, ал Канттын "Абдыш-Ата" клубуна өткөн.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасында ойногон Бахтияр Дүйшөбеков карьерасын Бангладеште улантат. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттигине оюнчу өзү билдирди.

Жаңы сезондон тарта Дүйшөбеков "Шейх Рассел" клубунун намысын коргойт.

"Келишим түзүлгөнүнө 10 күн болду. 20-номерде ойнойм. Команда материалдык жактан жакшы шарт түзүп берди. Ошон үчүн мен макул болдум. 24-декабрда өлкө кубогу үчүн мелдеш башталат", — деди футболчу.

Дүйшөбеков 2019-жылы "Башундара Кингс" (Бангладеш) клубунда ойноп, өлкө чемпионатын, кубогун уткан. Келишимин улантып, 2020-жылдагы сезондун биринчи жарымына чейин аталган командада ойногон. Коронавируска байланыштуу чемпионат токтотулуп, ал Канттын "Абдыш-Ата" клубуна өткөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0