Дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Тизме

Жазылуу
Эркек жана кыз-келиндер арасында өткөн мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 250 спортчу катышкан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында биринчилик өтүп, Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, спорттун аталган түрү боюнча өлкө чемпионаты 19-20-декабрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Беттешке республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 250 спортчу катышкан.

Натыйжада төмөнкү спортчулар байгеге ээ болду:

Эркектер арасында

60 килограмм

  • 1-орун — Айбек уулу Кубанычбек;
  • 2-орун — Отар Бестаев;
  • 3-орун — Нургазы уулу Кубаныч, Равшанбек Асанов.

66 килограмм

  • 1-орун — Саламат уулу Байбол;
  • 2-орун — Султан Жеңишбеков;
  • 3-орун — Чыңгызхан Сагыналиев, Касым Абдылдаев.

63 килограмм

  • 1-орун — Тынар Шаршенбеков;
  • 2-орун — Рустам Тейишов;
  • 3-орун — Элдияр Сатаров, Азиз Замиров.

73 килограмм

  • 1-орун — Анарбек Арапбаев;
  • 2-орун — Бексултан Султанов;
  • 3-орун — Эсен Мусаев, Раатбек Жуманазаров.

81 килограмм

  • 1-орун — Арсений Кладнов;
  • 2-орун — Владимир Золоев;
  • 3-орун — Адилет Ганиев, Азиз Сабиров.

90 килограмм

  • 1-орун — Эрлан Шеров;
  • 2-орун — Адиль Мурзаев;
  • 3-орун — Эламан Генжебаев, Анарбек Ишенбаев.

100 килограмм

  • 1-орун — Алманбет Мамазаиров;
  • 2-орун — Керим Казатов;
  • 3-орун — Шахриер Идрисов, Айбар Алыбаев.

100 килограммдан өйдө

  • 1-орун — Юрий Краковецкий;
  • 2-орун — Сыймык Жапаров;
  • 3-орун — Дастан Сарбатов.

Аялдар арасында

48 килограмм

  • 1-орун — Жанар Жолдошева;
  • 2-орун — Айсулуу Мусакулова;
  • 3-орун — Милана Эрнисова, Луиза Асакеева.

52 килограмм

  • 1-орун — Сауле Алмазова;
  • 2-орун — Алиман Маликова;
  • 3-орун — Аяна Рыскулбекова, Алмагүл Токтобаева.

58 килограмм

  • 1-орун — Адина Көчкөнбаева;
  • 2-орун — Бейшеналы кызы Бегай;
  • 3-орун – Бекмурза кызы Шаида, Мырзайим Дүйшөнбекова.

63 килограмм

  • 1-орун — Ажар Исаева;
  • 2-орун — Салтанат Жумашева;
  • 3-орун – Абдиманап кызы Бүбүсара, Жаныбек кызы Сабрина.

70 килограмм

  • 1-орун — Айжан Кадырбекова;
  • 2-орун — Бегай Бакытова;
  • 3-орун — Айжан Калканова;
  • 4-орун — Динара Камчыбекова.

78 килограмм

  • 1-орун — Шахида Нармухамедова;
  • 2-орун — Бачайым Шайлообекова;
  • 2-орун — Айжан Анарбекова.

78 килограммдан жогору

  • 1-орун — Рахматилла кызы Нуржан;
  • 2-орун — Уланай Салиева;
  • 3-орун — Бермет Урмамбетова;
  • 4-орун — Нуриза Гапурова.

Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0