БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети пандемиядан улам 2021-жылга калтырылган спорттук оюндарды өткөрүүгө керектелүүчү каражаттын суммасын коомчулукка жарыялады. Бул тууралуу Киодо агенттигинин маалыматына таянып Р-Спорт жазды.
Маалыматка ылайык, Токио Олимпиадасын өткөрүүгө 1,64 триллион иен (орточо алганда 15,9 миллиард доллар) каражат талап кылынат.
Бул сумма буга чейин болжолдонгон чыгашадан 1,35 триллион иенге көп.
Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) жана Токио Олимпиадасын уюштуруу тобу март айынын аягында коронавирус пандемиясынан улам жайкы спорттук оюндар 2021-жылга жылдырылганын жарыялаган. Спорттук мелдештер 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин өтүшү керек.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Европада футболдук Суперлига уюштуруу боюнча демилгени четке кагат. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсү тууралуу Р-Спорт жазды.
Европадагы 12 алдыңкы футболдук клуб: "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) континентте клубдар арасындагы жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылат.
Мелдеш Европа футбол ассоциацияларынын союзу (UEFA) алкагында өтүүчү еврокубокторго альтернатива катары каралууда.Клубдардын билдирүүсүнө ылайык, уюштуруучу клубдар Европанын учурдагы мелдештеринин сапатын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чегинен чыккандык деп эсептей турганын айтып, билдирүү таратты.
"FIFA мындай эл аралык футболдук түзүмдөрдөн сырткары уюшулган "европалык сепаратисттик лига" түзүү чечимине каршы", — деп айтылат дүйнөлүк уюмдун маалыматында.
Уюмдун мындай кадамын Франция жана Германиянын футболдук клубдары колдоого алышкан.
Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.
Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.
Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.
Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.