Кыргызстандын чемпиону, балбан Роман Царев улуттук командадан четтетилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБорец греко-римского стиля братья Роман Царев
Борец греко-римского стиля братья Роман Царев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун этикалык кодексинен тыш тартипсиз жоруктарды жасагандыгы үчүн балбан командадан чыгарылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын өткөн жылдагы чемпиону Роман Царевду улуттук командадан четтетти. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Балбан Спортчунун этикалык кодексинен тыш тартипсиз жоруктарды жасагандыгы үчүн командадан чыгарылган.

"Спортчунун этикалык кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Роман Царев 2020-жылдын 23-декабрынан тартып улуттук курамадан четтетилди", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Роман Царев өткөн жылы Кыргызстандын чемпионатында 72 килограмм салмакта чемпион болгондо курама командага алынган.

Роман финалда эгиз-түгөйү Руслан менен кез келип, жеңиш ага ыйгарылган.

Спортчунун кодексинин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөрү белгиленген.

Аталган Кодекс 2017-жылдын 3-майында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Узур Джусупбеков - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Тизме
Эскерте кетсек, жакында эле Бишкек шаарынын тургунунан 380 миң сом опузалап талап кылып, анын накталай 100 миң сомун алып жаткан жеринен кылмыштуу топ колго түшкөн. Опузачылардын бири Роман Царев болуп чыккан.

Милициянын маалыматына ылайык, BMW үлгүсүндөгү автоунаа менен келген шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырып, коркутушкан. Шектүүлөр К.М. аттуу жаранга шилтеме берген. Анткени бир аз убакыт мурда жабырлануучунун андан карызга акча алгандыгы аныкталган. Мындан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу күч колдонобуз деген опузасын улантканы айтылган.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

УКМК менен Бишкек ШИИБи жүргүзгөн атайын операция учурунда 100 000 сом өлчөмүндө акча алуу учурунда кылмыштуу топ кармалган.

Шектүүлөр Түп районунун 28 жаштагы тургуну жана 29 жаштагы Ц.Р. аттуу Казакстандын жараны болгон. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0