БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү мелдештердин күнүн бекитти. Маалымат уюмдун расмий сайтына чыкты.
Уюмдун техникалык комиссиясы кабыл алган расписаниеге ылайык, азиялык тандоо мелдеши 9-11-апрель күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт.
Белгилей кетсек, бул мелдеш 2020-жылдын март айында Кытайдын Сиань шаарына белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам эл аралык уюм мелдешти Кыргызстанда өткөрүүнү пландаган. Бирок эпидемиологиялык абал курчугандан улам турнир токтотулган.Учурда герк-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Атабек Азисбеков менен кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбековада жолдомо бар. Алар лицензияны 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алышкан.
2020-жылга белгиленген Токио Олимпиадасы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Жайкы оюндар 23-июлдан 8-август аралыгында өтөт.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык бокс чеберлери Азат Үсөналиев (52 килограмм) менен Эркин Адылбек уулу (81 килограмм) Украинада өтүүчү биргелешкен окуу-машыгууга чакырылды. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Алар 2021-жылдын 17-январынан баштап Киев шаарында дүйнөлүк мыкты боксчулар менен чогуу машыгуу өткөрөт.
"Машыгууга Куба, Россия, Украина жана Европа өлкөлөрүнүн мушкерлери катышат. Спорттук иш-чараны Украинанын Бокс федерациясы уюштуруп, дүйнөлүк аренада көзгө көрүнгөн мыкты мушкерлерди гана чакырган. Ага КРден эки мушкер барат. Машыгуу бир айга созулат. Башкы максат Токио Олимпиадасына даярдануу болмокчу", — деп билдирди ал.
Атазов мындай спорттук иш-чара кыргызстандык мушкерлерге пайдалуу болуп, тажрыйба топтоого зор мүмкүнчүлүк жаратарын белгиледи.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Бишкекте машыгуу өткөрүп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Балбандар 30-январга чейин машыгат. Ага жалпысынан 23 спортчу тартылган. Арасында белгилүү балбандардан Улукбек Жолдошбеков, Алмаз Сманбеков, Эрназар Акматалиев, Атай Изабеков, Алигаджи Гамигаджиев жана башкалар бар.
Спортчуларды Сүймөнкул Таабалды уулу менен Руслан Мажинов машыктырат. Улукбек Кыдыев ден соолугуна кам көрөт.
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.