Австрия чемпиону болгон Элеске Кыргызстандын элчиси сыйлык тапшырды

© Фото / Капар НамазалиевКөркөм муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болгон Элес Намазалиеваны КРдин Австрия жана Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов куттуктады
Көркөм муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болгон Элес Намазалиеваны КРдин Австрия жана Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-12-декабрь күндөрү өткөн Австрия чемпионатында кыргыз кызы 22 атаандашын артта калтырып, баш байгени багындырган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Көркөм муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болгон Элес Намазалиеваны КРдин Австрия жана Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов куттуктады. Бул тууралуу жеткинчектин атасы Капар Намазалиев билдирди.

© Фото / Капар НамазалиевКөркөм муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болгон Элес Намазалиеваны КРдин Австрия жана Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов куттуктады
Австрия чемпиону болгон Элеске Кыргызстандын элчиси сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Көркөм муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болгон Элес Намазалиеваны КРдин Австрия жана Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов куттуктады

Элчи спортчу кызды ата-энеси менен Венадагы дипломатиялык өкүлчүлүккө чакырып, жеңиши менен куттуктаган. Ал Элеске өзүнүн атынан грамота тапшырып жана белектерди берген.

10-12-декабрь күндөрү өткөн Австрия чемпионатында кыргыз кызы 22 атаандашынын ичинен суурулуп чыгып, баш байгени багындырган.

Элес Намазалиева 9 жашта, көп жылдан бери ата-энеси менен Австриянын Линц шаарында жашайт. Ал 2015-жылдан тарта муз аянтына чыгып, өз өнөрүн өркүндөтө баштаган. Учурда көркөм муз тебүү боюнча Австриянын курама командасынын мүчөсү.

Элес тууралуу жана башка маалыматтарды кененирээк атасы менен болгон маектен окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0