БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Ювентус" клубунун жана Португалиянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду XXI кылымдын мыкты футболчусу катары Globe Soccer Awards сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу сыйлык берүүчү уюмдун Twitter-аккаунтуна жарыяланды.
🇦🇪 What a beautiful night it was in Dubai. Thank you to all attendees and of course congratulations to all the winners! pic.twitter.com/RBu19kcEAU
— Globe Soccer Awards (@Globe_Soccer) December 27, 2020
35 жаштагы спортчуга сыйлыкты 27-декабрда Дубай шаарында (БАЭ) өткөн салтанат учурунда тапшырышты. Маалыматка караганда, бул наамга "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммед Салах, бразилиялык футболчу Роналдиньо жана "Барселонанын" капитаны Лионель Месси ат салышкан.
Кийинчерээк футбол жылдызы бул сыйлык ал үчүн өтө маанилүү экенин айтты.
"Мен абдан кубанып жатам! Жакында профессионалдык футболдо жүргөнүмө 20 жыл болот. Кылымдын мыкты футболчусу болуу мен үчүн өтө сыймыктуу жана кубанычтуу нерсе", — деди Роналду.
Couldn’t be happier with tonight’s award! As I’m about to celebrate my 20th year as a professional footballer, Globe Soccer Player Of The Century is a recognition that I receive with so much joy and pride!@Globe_Soccer #globesoccer pic.twitter.com/sAIl3V8ezz
— Cristiano Ronaldo (@Cristiano) December 27, 2020
Мындан тышкары, бул иш-чарада "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовски жылдын мыкты футболчусу аталды. Ал эми 2020-жылдын эң алдыңкы командасы деп ошол эле "Бавария" табылды.
Жылдын мыкты машыктыруучусу Ханс-Дитер Флик аталса, кылымдын мыкты машыктыруучусу Хосеп Гвардиола болуп калды.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. UFC Russia менен @Championat_com биргеликте уюштурган сурамжылоодо Хабиб Нурмагомедов жана Валентина Шевченко мыкты мушкерлер деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын UFC Russia өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Сурамжылоодо жылдын мыкты мушкери, мыкты мушкер айымы, жетишкендиги, сабмишени, нокауту, мыкты беттеши, жылдын апсети (фовариттин жеңилип калышы) номинациялары боюнча тандоо жүргөн.
Анын жыйынтыгы менен жеңил салмактагы россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов "жылдын мушкери", кыргызстандык Валентина Шевченко "мушкер айым" наамына татыган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Теги чечен швециялык Хамзат Чимаевге "жылдын ачылышы" номинациясы ыйгарылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Хабиб Нурмагомедовдун АКШлык Жастин Гэтжини "үч бурчтук" муунтуу ыкмасына салып утканы "жылдын сабмишени" болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми Хоакин Баклинин атаандашын чимирилип сулата тепкенин сурамжылоого катышкандар "мыкты нокаут" деп табышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жеңил салмактын алдыңкы бештигиндеги мушкерлер Жастин Гэтжи менен Тони Фергюсондун кармашы "жылдын беттеши" наамына ээ болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ушул эле беттеш сурамжылоонун катышуучулары тарабынан "Жылдын апсети" деп табылган.
Роликте Макгрегор таймаш алдында оң колдоп урулган соккудан коргонууга машыгып жатканын көрүүгө болот. Ага карабай Нурмагомедов анын ээк тушуна дал ошондой сокку уруп, нокдаунга түшүргөн.
Кармаштан соң ирландиялык мушкердин жеңилүү ызасына чөмүлүп отурганы, жанында эч нерседен кабары жок уулу башка бирөөлөр менен эркелеп ойноп жатканы тартылган.UFC 229 турнири 2018-жылдын 6-октябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу ыкмасы менен багындырып, промоушендин жеңил салмактагы чемпиону наамын ийгиликтүү коргогон.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.