Кыргызга намыс алып берген уул-кыздар. Спортчулардын бир жыл ичиндеги ийгилиги

Кыргызга намыс алып берген уул-кыздар. Спортчулардын бир жыл ичиндеги ийгилиги

446
(жаңыланган 18:00 29.12.2020)
2020-жыл оор сыноо менен коштолду. Пандемия кадыресе жашоо менен кошо спортту да жарга кептеди. Карантиндик чектөөлөрдөн улам көптөгөн мелдештер токтоп, эң чоң жарыш — Олимпиада оюндары да кийинкиге калтырылды.

Деген менен узап бара жаткан жыл Кыргызстандын спорту үчүн жемиштүү болду. Ата мекендик атлеттер эл аралык таймаштардан тартып абройлуу дүйнөлүк ири мелдештерде алтын байгелерди утуп келишти. Тарыхта алгачкы ирет эгемен Кыргызстандын балбандары Дүйнө кубогу мелдешинин эң жогорку тепкичине көтөрүлдү.

Кыздар күрөшүнөн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова тууралуу өзүнчө сөз кылса болот. КРдин кыздар курама командасынын лидери өзү эле 2020-жылы өлкө капчыгына төрт алтын, бир коло байге алып келди.

Мындан сырткары, ММА спортунда Кыргызстандан чыккан мушкерлер октагондо ийгиликтерди жаратып, өлкө желегин желбиретишти.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги узап бара жаткан жылда спорттогу жетишкендиктердин тизмегин сунуштайт.

ЯНВАРЬ

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Yasar Dogu 2020 турнири 10-12-январь күндөрү Стамбул шаарында өттү.

Айсулуунун жолун улап, 59 килограмм салмак категориясында күрөшкөн дагы бир спортчу Назира Марсбек кызы алтын медаль уткан. Ал эми 76 килограмм чен бирдикте чыккан Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынган.

Андан кийин Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринде финалга чыгып, россиялык Любовь Овчарованы жеңип алтын байге утту.

Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюнуна кыргыз улуттук спортунун жети түрү киргени маалым болду. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Түркиянын жаштар жана спорт министрлиги кол койгон IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, мелдешке кыргыздын көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү камтылды.

ФЕВРАЛЬ

9-февралда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, дагы бир ирет UFC чемпиону болду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргыз футбол союзу (КФС) болуп өзгөрүп, FIFA менен Азия футбол конфедерациясынын толук укуктуу мүчөсү болду.

18-23-февраль күндөрү спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча кыргызстандык балбандар Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатына катышты. Эркин күрөштүн балбандары Улукбек Жолдошбеков (61 кг) менен Арсалан Будажапов (79 кг) Азия чемпиону болшту. 

Мындан сырткары, Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Азат Салидинов (82 кг) жана кыздар күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) континенттик жарышта күмүш медаль тагынды.

Ал эми 72 килограмм салмакта Руслан Царев, Ким Роман (130 кг), Ильяз Ренат уулу (77 кг) (грек-рим), ал эми эркин күрөш балбаны Бекболот Мырзаназаров (57 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг) коло байге утушкан.

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Арсалан Будажапов Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Спортчу 79 килограмм салмак категориясында индиялык Балян Гурав менен финалда беттешип, 7:5 эсебинде жеңген. 

​Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Улукбек Жолдошбеков Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утту. Спортчу 61 килограмм салмак категориясында тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип, анын далысын килемге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @ulukbek.zholdoshbekov

АПРЕЛЬ

Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен келишим түзгөнү маалым болду. Спортчу АКШга виза маселесинен улам азырынча аталган уюмдун алкагында беттешке чыга элек.

ИЮЛЬ

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Яс аралындагы UFC Fight Island 2 мелдешиндеги беттешин жеңди. Ал англиялык Марк Диакези менен башкы кардда күч сынашкан.

​Кыргызстанда "Москва - 80" Олимпиадасынын 40 жылдыгы белгиленди. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди куттуктады.

Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу даярдаган "Москва-80: Ретро-tube" долбоору коомчулукка тартууланды. СССРде өткөн Олимпиада оюндарынын 40 жылдыгына арналган ири эмгекти Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун мурдагы совет өлкөлөрүндөгү жана Москвадагы кеңселеринде иштеген 13 редакция даярдаган.

АВГУСТ

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү.

Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкат кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды.

Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык кылган.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат Алматы" (Казакстан) командасы менен УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SPORTS.KZ (@kzsports)

Алыкулов кыргыз футболунун тарыхында УЕФА мелдешинде гол киргизген алгачкы оюнчу. Алматылык "Кайрат" Армениянын "Ноа" клубу менен ойногон. Эсепти армениялыктар 9-мүнөттө ачкан. Беттештин 12-мүнөтүндө "Кайраттын" кыргызстандык футболчусу Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, эсепти теңеген (1:1). Жыйынтыгында алматылыктар 4:1 эсебинде уткан.

Ысык-Көлдө Кум үстүндө футбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Анда жергиликтүү "Жети-Өгүз" командасы КГАФКиС командасын утуп, өлкөнүн кубогу үчүн мелдештин чемпиону болду.

СЕНТЯБРЬ

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата жана Эл аралык тынчтык күнү салтанатынын алкагында республика боюнча өспүрүм балдардын футболдук мелдеши өттү.

ОКТЯБРЬ

Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын "Шоро" Премьер-лигасынын 2020-жылдагы чемпиону болду. "Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин "Алга" клубун утуп, мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды.

Игроки футбольной команды Дордой празднуют победу на чемпионате Кыргызской Республики
© Фото / пресс-служба ФК "Дордой"
Чемпионат Кыргызской Республики по футболу

Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Финалдык беттеште алар Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде жеңип алышты. Муну менен "Алай" Кыргызстандын кубогун акыркы 10 жылдын ичинде экинчи ирет утуп, Азия футбол конфедерациясы (АФК) кубогунун квалификациялык стадиясына жолдомо алды.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук командасынын оюнчусу Ильяс Чотбаев "Сипар" клубу менен Тажикстандын профессионалдык футзал лигасынын чемпиону болду. Кыргызстандык спортчу бул оюнда мыкты футболчу деп табылган.

НОЯБРЬ

Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ONE Championship уюмундагы жарым орто салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Мелдеш Сингапур шаарында өтүп, Аббасов америкалык Жеймс Накашимини жеңип алган. Бул кыргызстандык мушкердин чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан алгачкы беттеши болду.

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 7-ноябрда Польшанын борбору Варшавада өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык спортчу кыз финалда россиялык Анжела Фоменкону 10:0 эсебинде, таза артыкчылык менен уткан.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн мелдештерге Баткенден тышкары алты облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан 93 оюнчу катышты. Алар тайган жарыш, куш салмай, бүркүт салмай, ителгиге далба ойнотуу, жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу боюнча таймашкан.

Ошол эле ипподромдо Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында кунан чабыш, жорго салыш жана аламан байге мелдештери жыйынтыкталды. Алдыңкы төрт орунду ээлегендер акчалай сыйлык алышкан.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды. Жогорку лигада эзелки атаандаштар "Ынтымак" жана "Достук" командалары баш байгени талашып, таластык команда 9:2 эсебинде утту. 

Көк бөрү боюнча мелдеште Биринчи лигада 12 команданын арасында таймаш жүрүп, Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы чемпион болду. Алар финалда Оштун "Ала-Тоо" командасын уткан.

АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер кыз Антонина Шевченко бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алды.

Бул беттеш мыкты деп табылып, кыргызстандык мушкер кыз 50 миң доллар бонуска ээ болгон. Промоушен Антонина Шевченко UFC уюмундагы беттештеринде алгачкы жолу грэпплинг ыкмасын мыкты колдонгонун, биринчи ирет техникалык нокаут менен утканын белгиледи.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинин негизги беттештеринин биринде бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет ийгиликтүү коргоп калды.

Кыргызстандык спортчулар сууда сүзүү боюнча Өзбекстан кубогунда алтын жана күмүш медалдарды тагынышты. 27-ноябрь күнү 50 жана 100 метрге сүзүүдө (брасс ыкмасы) Денис Петрашов мыктылыгын көрсөтүп, алтын медаль алды. Лиза Рогожникова 200 метрге сүзүүдө алдына эч кимди салган эмес.

Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, пандемияга байланыштуу көрүүчүлөр киргизилген жок. Ага булуң-бурчтан 120 спортчу катышып, мыктылар аныкталган. Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган.

ДЕКАБРЬ

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жүргүзгөн добуш берүүнүн жыйынтыгын Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Кыргызстандык дүйнө чемпиону индиялык Винеш Пхогат менен финалга чыккан болчу. Тыныбекова 292 896 күйөрмандын 58 пайыз добушун алган.

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия утуп алды. Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафону өтүп, кыргызстандык спортчу жеңүүчү болгон. Мария 42 чакырым 195 метрлик классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада өткөн. Олимпиадалык ченем 2 саат 29 мүнөт 30 секунда болуп саналат.

Коробицкая - Токио Олимпиадасына жолдомо алган алтынчы кыргызстандык спортчу. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия алышкан.

Кыргызстандык балбандар Сербиянын Белград шаарында өткөн спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) түрлөрүнөн Дүйнө кубогу мелдешинде үч алтын жана беш коло байге утуп келишти.

Тарыхта алгачкы ирет эгемен Кыргызстандын балбандары Дүйнө кубогу мелдешинин эң жогорку тепкичине көтөрүлдү. Ал эми жалпы командалык эсепте спорттук күрөштүн дөө-шааларынын бири Россиядан кийинки эле экинчи орунду ээледи.

Алтын тагынгандар — Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Мээрим Жуманазарова;

Коло алгандар — Айпери Медет кызы, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Исламбек Орозбеков, Айаал Лазарев.

UWW уюму Дүйнө кубогу мелдешинин жыйынтыгы менен Айсулуу Тыныбекованы эң мыкты балбан деп атаган.

446
Белгилер:
байге, жыл жыйынтыгы, Кыргызстан, спорт
Тема боюнча
Мамытов Дүйнө кубогу мелдешин уткан балбандарды сыйлады. Сүрөттөр
Дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Тизме
Кыргыздар алдыга кетти. UFC уюмунун экс-мушкери Тактаров Физиевди үлгү кылды
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Нурмагомедов Макгрегор Порьеден жеңилгенден кийин үн катты

283
(жаңыланган 14:21 24.01.2021)
Спортчулар UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык мушкер кармаштын экинчи раундунда бир катар соккулары менен таамай тийип, атаандашын техникалык нокаутка түшүрдү.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.

"Сени чемпион кылган команданы алмаштырып, спарринг-өнөктөштөрдү чанып, чындыктан алыстап, жаш балдар менен машыгып жүргөндүн кесепети ушундай болот турбайбы...", — деп Нурмагомедов Twitter баракчасына билдирүү калтырган.

Буга чейин спорттук карьерасын жыйынтыктаган Хабиб Нурмагомедов Макгрегор — Порье, Чендлер — Хукер беттешине байкоо саларын айткан. Эгер алар чемпиондук наам үчүн кармашка татыктуулугун көрсөтсө, анда октагонго келери мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам UFC 257 мелдешинин башкы беттештеринин мааниси арткан.

АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.

Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.

283
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор, Дастин Порье, UFC
Тема боюнча
UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео
Апамды таарынтып албайын. Хабиб карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп берди
Америкалык мушкер Дастин Порье UFC 257 турниринде ирландиялык Конор Макгрегорду нокаут менен утту

Макгрегор нокаутка түшүп утулду. Дастин Порьенин таамай соккуларынын видеосу

570
(жаңыланган 13:00 24.01.2021)
Көптөн бери күтүлгөн беттеш эки раундга созулду. Экинчи бөлүктө америкалык мушкер кубаттуу соккусу менен таамай тийди.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Америкалык мушкер Дастин Порье UFC 257 турниринин эң башкы беттешинде ирландиялык Конор Макгрегорду нокаут менен утту.

​Жеңил салмакта күч сынашкан атлеттердин кармашы эки раундга созулду. Порье атаандашы Макгрегорду торго камап туруп, сол колдоп ээк тушуна таамай сокку тийгизди. Анын чабуулу тездегенде Макгрегор көтөрө албай жерге кулады.

Кармаш бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өттү.

Атлеттер жылдызы жанып келе жаткан мезгилде, 2014-жылы беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раунддун 90-секундасында техникалык нокаут менен уткан.

Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешишти. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болгону үчүн бул кармашта утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү болчу.

Дастин Порье UFC уюмунун утурумдук чемпиону болгон. Акыркы тогуз беттешиндеги сегизинче жеңиши. Ал тогуз беттеште бир гана россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулган.

570
Белгилер:
видео, нокаут, Конор Макгрегор, Дастин Порье, UFC
Тема боюнча
UFC 257: Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттеши. Учурда эмне болуп жатат?
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео
Композитор Адылбек Кыязов

Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек

0
1970-80-жылдары белгилүү ырчы, композитор Адылбек Кыязов "Ай, эркем ай", "Гүлмира" өңдүү ырлары менен элге таанылган. Композитордун обондору, ырлары өз убагында эл арасына сиңип, тарап кеткен.

Биздин маектеш көп жылдар бою Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу театрында жубайы, Кыргыз эл артисти Дамира Баратбаева менен бир канча жыл эмгектенишкен. Кыязов ушу кезге чейин мамлекеттен "Эмгек сиңирген артист" наамын албаса да, жумурай-журт ага сый-урматы менен "Эл артисти" наамын ыйгарып койгондой.

Анын Омор Хайямдын рубаилеринен алынган:

"Мейли жүз жыл, мейли миң жашагын,

Билгин чындык жер алдында жатарын.

Падыша бол, кайырчы бол, баары бир,

Өлүм үчүн бирдей сенин катарың", — деген саптары бар "Өмүр кемеси" аттуу ырын билбеген адам чанда болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы белгилүү обончу Адылбек Кыязов менен чыгармачылыгы, жаштыгы, үй-бүлөсү тууралуу маектешкен.

— Искусство, маданият чөйрөсүнө кантип келип калгансыз?

— Өнөргө жакын адамдардын баарынын эле чыгармачылыгы бала кезинен башталат. Мен алты жашыман комуз үйрөндүм. Атам да чыгармачылыкка жакын киши болчу. Ал убакта комуздан башка музыкалык аспап деле жок. Өзү чертпегени менен ырларды кызыгуу менен укчу. Союз убагы, атам колхоздо алдыңкы чабандардан болуп, жылына сыйлыкка бирден патефон көтөрүп келет. Ага бирден пластинканы салып, Муса Баетовдун, Атай Огомбаев, Калмураттын ырларын угар элек. Ал киши эртең менен малды айдап, кой кайтарганы кетип бара жатып улам бир ырды тапшырма катары берип, "жаттап, кечинде мага ырдап бересиң" дечү. Мен баягы пластинканы кайра-кайра түрдүрүп жаттап, кечинде ырдап берсем аябай сүйүнүп калар эле. Ошентип жүрүп "Кептешке" деген ырды жаттап алып, жайлоого келгендердин баарына комуз менен ырдап берип жүрдүм. Мен ырдасам бүт эле кыраан-каткы күлкү. Атам да "ушинтип ырдай бер" деп күлүп койду. "Ушунчалык эле күлкүлүү ырдаймынбы" деп мен өзүмчө таң калып коём. Анан бир жолу эле айылдагы Тепеш аксакал баштыкка момпосуйларын салып алып келип: "Ээ, айланайын балам, мени ырдайт экенсиң. Атайын ошону угайын деп келдим. Кана, ырдап берчи",— деп калды. Ырдап берсем, ал да каткырып "оо, айланайын" деп алкайт. Көрсө, "айрылып калдым Кептештен дебей, Тепештен" деп ырдап жүрчү экенмин (күлүп). Айылдын баары "баланчанын баласы "Тепештен айрылдым" деп ырдайт экен" дешип лакап кеп болгом. Анан ошентип жүрүп 7-класста окуп жүргөндө мектепке алгач ирет баян келди. Аны балдарга бербей эле директордун кабинетине бекитип коюшчу. Оюмдун баары ошол баянда, күндө барып эшиктин жыртыгынан аңдып коём. Аябай чертким келет. Анан бир күнү жакага келген атамды ортого салып директордон сураттырдым. Директор туугандарыбыз болчу. Аны эки-үч айдын ичинде үйрөнүп алдым.

Композитор Адылбек Кыязов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Композитор Адылбек Кыязов

— Ал убакта нота деле билчү эмессиз да?

— Жок, айылда жүрсөм кайдан билем. Угуу сезимиң күчтүү болсо эле үйрөнүп кетет экенсиң. Ошентип райондогу өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, азыркы Каныкей Эралиеванын черткенин көрүп, жакшылап үйрөнүп алдым. Ал Ак-Талаанын борборунда мени менен параллель класста окучу. Анан көрүп ал, айылдагы той-торопо, армияга узатуу болсо эле мени чакырышып, абдан "барктуу" да болуп кеттим (күлүп)...

— Кийин Фрунзеге келип музыкалык билим алдыңызбы?

— Атам мен 7-класста окуп жүргөнүмдө 53 жашында эле каза болуп калды. Ошентип мектепти бүткөндө "апаңды багышың керек, окуп кел" дешип айылдан мени Фрунзеге жиберишти. Келип, Канттан бери Киргшёлктогу айыл чарба техникумуна тапшырдым. "Дай хлеб" дегенден башка орусча эч бир сөз билбейм. Баары эле орустар, арасында үч кыргыз жүрөт. Аларга эптеп кыргызча сүйлөсөм же түшүнүшпөйт. Ошентип аябай чүнчүп кеттим окшойт, акыры чемоданымды алып, айылга баса бердим. Кийин айланып эле маданият тармагына барып, Филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окудум. "Гүлмира", "Ай, эркем ай" деген ырларым ошол кезде эле жаралган.

—Теле, радиолорго ырларыңыз качан чыга баштады?

—Студияда окуп жүргөндө ырларымды өзүбүздүн ансамблге салып ырдап жатсам, диктор Кеңешбек Ашимов келип калып "мен ырдайын, бересиңби?" дегенинен макул болгом. Ошентип Кеңешбек агай "Гүлмира" жана "Ай, эркем ай" аттуу эки ырымды радиого жаздырдып, ал таңкы саат 6:00дө "Кутмандуу болсун күнүңөр" берүүсүнөн жаңырды. Жатаканадагылар баарыбыз таң атпай радиону тегеректеп күтүп отурган элек. Сүйүнгөндү айтпа! Ал убакта радиодон чанда кишинин ыры чыкчу. Ошондон тарта студияда, балдар арасында барктуу болуп, кимдин туулган күнү болсо эле "Адике, баяның менен ырдап берип койчу" деп эле колтуктап калышат... Ошондой кызыктуу күндөр өткөн.

—Жүздөн ашык обон жараткан экенсиз, ырларыңыздын да тарыхы болсо керек?

—Кээ бир ырларыма тексттерди өзүм жазгам, бирок "Гүлмира" деген ырымды радиого жаздырарда Бексултан Эламанов сөздөрүн оңдоп берген. Ошондон улам ал кишинин аты жазылып калган. Андан кийин "бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу" деген сабы бар "Сенин үнүң" деген ырдын сөзү Бөрүкул Алыбаев аттуу аксакалдыкы. Бир жолу жумуштан чыгып келе жатсам Бөрүкул аксакал ыр китебин кармап, атайын күтүп туруптур. Анан ошол китептин арасынан ушул ырды тандап алып обон жараткан элем. Бул ырды Дамира (Баратбаева — ред.) экөөбүзгө ылайыктап дует кылып чыгаргам. Ал эми "Кел жигиттер, кел кыздар"аттуу ырым да элге жакшы сиңип, убагында орустар да ырдап жүрүштү. Бир жолу Ошко гастролго барып калдык, ал кезде чоң коңгуродой радиолорду ар бир контордун жанына илип койчу. Ал айылга бүт угулуп турчу. Ошол убакта 1-Май майрамына карата Москвада 15 союздук республиканын парады өтүп жаткан. Бир убакта "делегация из Киргизии" дегенде алыстан "тың...тың...тың..." деп келип эле "Кел жигиттер, кел кыздар..." деп ырдап өтүп бара жатышат. Мен бери жакта өзүмчө эле сүйүнүп алгам, же жанымда тааныган киши болсочу (күлүп).

Андан мурда "Өмүр кемеси" деген ырым да элге алынып калган. Нарын облустук агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Алаховдун сунушу менен Омор Хайямдын кыргызчага которулган китебин колума алып калдым. Жалил Садыков жакшы которуптур. Ошол китептен терип отуруп жети куплет тандап алып "Өмүр кемеси" деп чыгардым. Кийин Жалил Садыков агага жолукканда: "Ой айланайын, бул Омор Хайямдын сөзү деп эле теле-радиолордон ырың берилет. Которуу да чыгарманы кайра жазганга барабар. Анын уйкаштыгын, ыргагын карайсың. Мени такыр эле белгилебей жүрөсүң", — деп таарынычын айтты эле. Бирок мен айтсам деле узак болуп калат дешеби, радиолордо Омор Хайямдын ысымы эле аталчу. Ал эми "Раймалы менен Бегимай" деген ырымды бир жакшы ырдаган жаштар болсо берейин деп ойлонуп жүрөм. Кийин "Достор" тобу жаңы уюшулганда Гүлзат Байзаковага "Досторго" деген ырымды бергем.

—Театрда да спектаклдерге музыка жазып, Токтоболот Абдумомуновдун "Борбаштын досу Камгакбай" спектаклиндеги лирикалык ырларыңыз убагында жаштардын сүйүү ырына айланыптыр...

—Ооба, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөндө бир катар пьесаларга музыка жазып калдым. Казакстанга чейин барып, "Курманжан" спектаклинин музыкасын даярдадым. Негизи менин жан дүйнөмдү ээлеген, жүрөгүмө жакын сыйкырдуу күч — обончулук. Бала кезимде Ак-Талаанын кооз тоо койнунда кунан минип жүрүп окшобосо деле заңкылдап обон чыгарып, созо берчүмүн.

Композитор Адылбек Кыязов у офиса Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Композитор Адылбек Кыязов

—Нарын музыкалуу драма театрында кандайча иштеп калдыңыз эле?

—Мен студияны бүткөндө бул жактагы мугалимим: "Адылбек, сенден жакшы композитор чыгат. Искусство институтуна тапшыр, бекер кылып жатасың. Театрда качан болсо иштеп үлгүрөсүң", — деп калды. Анткени диктант жазганда бир музыканы аспапта ойноп, аны кийин дептерге нотага түшүрүп сальфеджио жазчубуз. Мен дароо эле ноталарды ордуна тушүрүп, кагазды агайдын алдына жылдырып чыгып кетчүмүн. Ошондо байкаган окшойт. Анын үстүнө студенттик кезимде эле обондорум чыга баштаган.

Бирок болбой эле кетип калдым. Анткени Нарын театрында иштөө бала кезден кыялым эле. Биз кичине кезде оюн коюп келген артисттердин жүгүн, чемоданын көтөрүшүп, кошо даярданышып жүрө берчүмүн. Ал мен үчүн сыймык болчу. Бир жолу Сагийпа Чечейбаева эженин чемоданын көтөрүшүп барып автобуска салышканым алигече эсимде...

Ошентип барсам, менмендеген залкар адамдар иштейт экен. Ошол кездеги белгилүү таланттар Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиевдер кычырап жүрүшөт. Жумамүдүн Шералиевди ошондо көрдүм, таяк таянган киши экен. Театрдагы музыкалык бөлүмдүн жетекчиси катары мени ортого чакырып, эмгек жамаатка тааныштырды. Өзүмдүн да боюм узун, арык баламын. Буту-колум калчылдап аябай сүрдөгөм.

—Жумамүдүн Шералиевге шакирт болуп калган турбайсызбы?

—Ооба, ал киши музыкалык бөлүмдүн башчысы катары ыр, хор, квартеттерди даярдап, ошол жерде кандай иш-чара өтсө баарын көзөмөлдөчү. Ошентип аксакал менен иштешип калдым. Кээде хорду кайра-кайра кайталап, кечке отуруп тажап, башыбыз ооругандан балдар шыбыраша баштачубуз. Аны байкаган Жумакем (Шералиев — ред.): "Келгиле, беш мүнөт сүйлөшүп, силердин көңүлүңөрдү ачып койбосо болбойт", — деп анекдотторду, жаңылмачтарды айтып берчү. Бизди бир сыйра күлдүрүп, анан кайра жумушка киришер эле. Устаттык жагынан да мыкты болгон. Мындай таланттуу корифей адамдар менен аралашып иштеп жүргөндө маани берип, баркын билбейт экенсиң. Качан көзү өткөндө же жер-жерлерде концерт бергенде бирөө-жарым суктанганда билесиң. Негизи Нарын театрын "таланттардын бешиги" деп койчу. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Гүлсүн Мамашева, Гүлсайра Момушева деген таланттар иштеп кетишкен. Кийин Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов болуп чогуу иштешип жүрүп, Союз тараганда театр каралбай калып, артисттердин көбү Бишкекке кетүүгө мажбур болушкан. Алардын катарында биз да Бишкекке келдик, бирок чыгармачылыктан алыстаган жокпуз.

—Кийин өзүңүз иштеген Нарын театрына директор да болупсуз го...

— 2005-жылы "Адылбек, келип театрга баш-көз болуп бербесең болбойт. Тарап кеткени калды" деп чакырышкандан бардым. Ошондон баштап тартипти орнотуп, коллектив менен сыйлашып жакшы иштештик. Ал убакта акча жок, кыйын убак. Бирок коррупция ошондо эле бар экен. Жетекчилик кызматтагылардын түрдүү финансылык схемаларын байкадым. Жадагалса облустун каржы бөлүмүнө маяна алууга барганда чөнтөгүнө беш миң сом таштабасаң, мекеменин айлыгын бербейт экен. "Акча түгөндү, мында минтип калды" деген ар кыл шылтоону айтып, улам кийинкиге жылдырат да, пара берген мекемелердикин дароо берет.  Ушундай схемалардын баарын көрдүм. Театрдын эсепчилеринин ичип-жегендерин айтып койсом, ал аял ак үй, көк үйдөгү чиновниктердин тааныштарынан болот экен. Ошондон кийин мага асылып, ар кимиси текшерип, эч нерсе таппай эле кайра кетет. Тынчыраак иштөөгө эч мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Акыры адамдардын эки жүздүүлүгүнө, жеп-ичкендерине чыдабай кеттим. Бир жылда колумдан келишинче театрды тартипке алып келип, тазалыкты орноттум. Анан эч кимге айтпай эле Бишкекке келип, арызымды жазып кызматтан кетип калдым. Эмгек жамаат губернаторго чейин кирип ызы-чуу болушканда Султан Раев барып, арызымды көргөзүп тынчыткан. Андан кийин "өз жолумда эле иштейм" деп театрда Жумамүдүн Шералиевдин ордуна музыкалык бөлүмдү жетектеп, ал кишинин кабинетин жасап алып чыгармачылык менен алектендим. Бир канча жыл иштегенден кийин үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу кайрадан борборго көчүп келдим.

Композитор Адылбек Кыязов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Композитор Адылбек Кыязов

— Азыр кайда иштейсиз?

— Азыр орто мектептерде, музыкалык окуу жайларда сабак берем. Драмалык, ыр кружокторду өтөм. Театр, маданий жайларга ишке кирген жокмун. Бир ай иштеген акчаң араң беш -алты миң сом болот экен. Бирок чыгармачылыкты таштаган жокмун.

— Жубайыңыз Дамира Баратбаева да белгилүү ырчы. Кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?

— Нарын театрына барбасам Дамира экөөбүз таанышпай деле калмакпыз. Мен барганда ал жакта солкулдаган кыздар көп экен. Анын үстүнө бул жактан радиодон ырларым чыгып, атым аталып калган кез эле. Нарында жаштар эс ала турган жалгыз эле кинотеатр болчу. Анан кыздар биринен сала бири киного чакыра башташты. Бирөө менен киного барып койсом, экинчиси таарынгандай болуп... Бир жылдай ошентип жүрүп, анан топ кыздардын арасынан Дамира экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калды. Тагдыр буйруп койгон экен, Нарындан эле үйлөндүк. Экөөбүз бири-бирибизди бир эле көз караштан түшүнүшөбүз. Анын мага жаккан көп сапаттары бар, жакшы аялзаты. Чыгармачыл адамды билесиңер, тегерегинде кыздар көп болот. Менде өзгөчө болду. Дамира ошол кыздардын баарын ооздуктап, мени тыйып, баскан-турганымды байкап, көп нерсени сактап калды. Баарына чыдады. Жашпыз баарыбыз. Гастролго барганда сыртка келген кыздардын баарын менден мурун чыгып туруп, эмне эркек балага келип жатасыңар деп кууп жиберчү экен. "Менден биринчи эмнеге кууп жиберди" деп кээде туруп Дамирага жиним келчү.

— Кыздардан кат көп келчү беле?

— Ооба, гастролго барып келгенден кийин Нарын театрында кат толуп калчу. Бир жолу Ысык-Көлгө гастролго Сейитказы Андабековдун бригадасы менен барып келдим. Анда бойдок кез, жаш баламын. Анан келсем эле "директор чакырып жатат" деп калышты. "Кудай урду, эмне болду экен" деп бардым. Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Алиевдер баш болгон жалаң эле дөө-шаа артисттердин баары отуруп алышыптыр. "Эй бала, сен жакшы эле барып келдиң беле? Кудай урган баласың го", — деди директор. "Ооба, жөн эле келгем", — деп түшүнбөй Сейитказы абаны карасам, ал дагы "билбе-ейм, бул бала жөн эле жүргөндөй болду эле" деп койду. Мен эмне болуп жатат деп таң калып турам. Директордун бул жагында үйүлүп почтадан келген толтура конверттер жаткан. "Ой, булар эмне" дешкенден, кебелбей "ал кат" деп койдум. "Ой, иштебей эле кыздар менен жүргөнсүңбү? Ай, сен бузулган баласың го", — деп жетекчи тилдеп, арасынан бирди сууруп алып окутушту. Төрт барак ыр менен жазылган орусча сүйүү каты экен. Жети-Өгүздүн борбору Покровкадан 9-класстын кызы өзүнүн сүйүүсүн ыр менен жазыптыр. Мен аны тилим келбей булдурап окуп жатсам, "ай, токтот, түшүнүктүү" деп анан кетиришкен.

Дамира экөөбүз үйлөнгөндөн кийин бардык каттарды чогултуп, "пенсияга чыкканда окуйм" деп чоң коробкага салып, үйгө коюп койгом. Аны Дамира таап алып өрттөп салыптыр. Ошентип окубай калбадымбы (күлүп).

Композитор Адылбек Кыязов у офиса Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Композитор Адылбек Кыязов

— Канча баланын ата-энеси болдуңуздар?

— Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызым Германияда жашайт. Күйөө балам немис улутунан. Андан кийин уулум бар. Кудайга шүгүр, неберелүү болгонбуз.

— Ушу кезге чейин "Эмгек сиңирген артист" деген наам ала электигиңизди угуп таң калдым. Анткени калк арасында эл артистиндей эле баркыңыз бар эмеспи...

— "Сыйлыгың жокпу" деп көбү таң калып сурашат. Бирок наамды деген эл берет экен. Мен Ысык-Көлгө, Ошко же Таласкабы, кайсы жерге барсам да элдин сыйындамын. Нарын театрында иштеп жүргөндө мени сыйлыкка көрсөтүп, 20 жолудай документ жиберишти. Акырында Нарын облусунун профсоюздук комитетинин жетекчиси: "Адылбек, айланайын, сеникин жылда кетиребиз. Бул эмне деген уяты жоктук. Мына акыркысын кызыл сыя менен жазып, "ушуну сөзсүз өткөргүлө" деп облустун атынан жиберип жатабыз", — деп айтты эле. Себебин өзүм деле түшүнбөйм. Мен теледен, радиодон кайра-кайра түшпөй элге таанылган жокмун. Айылдарды, республиканын аймагын кыдырып, эл аралап концерт коюп жүрүп таанылдым. Бир жылда дөңгөлөктүн үстүндө жети ай жүрчүбүз. Андан кийин гана радиолорго чакырышып, ырларым тынбай бериле баштаган.

Эми өйдө жакта деле "капчыктар" отурат экен да. Менин болгон мүнөзүм ушундай. Учурашса учурашам, болбосо унчукпай эле өтүп кетем. Өзүм барып жалпактабайм. Бирөөгө барып "эмгек сиңиргенди" алып берчи" деп суранып көргөн эмесмин. Бир ырды чыгара коюп эле уялбай "Эл артистин" алып алгандарды деле көрбөдүк беле. Анын баары кийин эл арасында айтылат экен. Азыр мамлекеттик сыйлык алган жаштар кайра тапшырабыз деп жүрүшөт. Алар эмгеги сиңбей алганы үчүн баркын билишпейт да. Зайнидин Иманалиевге 60 жаштан ашканда эптеп "Эмгек сиңиргенди" берди. Ал деген эбак "Эл артисти" наамын ала турган киши. Ал эми укмуш керемет обондорду жараткан Догдурбай Урманбетовдун эмгеги ушу кезге чейин бааланбай жүрөт. Мындай чыгармачыл инсандар көп.

0
Белгилер:
маек, композитор, обончу
Тема боюнча
Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум