БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалынан кийин атаандашынын көңүлүн жубаткан аракетин 2020-жылдагы эң жагымдуу учур деп атады. Эл аралык уюм расмий Instagram баракчасында узап бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, жагымдуу учурларды эскерген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тизмени UWW уюмунун видео адиси жана дизайнери Хелена Куртис түзгөн.
"Тыныбекова килемге эң жогорку даярдыкта келип, Дүйнө кубогун утту. Финалда ал латвиялык Анастасия Григорьеваны жеңип алды. Атаандашын көтөрүп чаап уткан соң жеңишти майрамдап чуркап кетип калуунун ордуна, килемге катуу түшкөн атаандашынын ден соолугун сурап, анын көңүлүн жубатты. Бул анын мыкты спортчу эле эмес, бийик адамгерчилигинен кабар берет", — деп айтылат билдирүүдө.
UWW уюму буга чейин Айсулуунун финалда атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атап, окуянын видеосун Instagram баракчасына жарыялаган болчу.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Сербияда өткөн жекелик Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова чемпион болуп, алтын медаль тагынган. Финалда кыргызстандык балбан кыз Европанын эки жолку чемпиону, латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде уткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.
Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.
18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Короче" Telegram-каналы өрттүн видеосун жарыялады.
23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.
"Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 метр чарчы экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.