БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз россиялык мушкер 2021-жылы карьерасын кандай шартта башташы мүмкүн экендигин айтып берди. Бул тууралуу ал TMZ басылмасына берген интервьюда билдирген.
Мушкердин өкүлүнүн айтымында, 39 жаштагы Жорж Сен-Пьер дагы спорттук карьерасын калыбына келтирсе, Нурмагомедов 2021-жылы октагонго кайтышы мүмкүн.
"Менин оюмча, эгер Сент-Пьер чындап эле мушташка кайтып бара турган болсо, анда Хабиб дагы кайтышы мүмкүн", — деди менеджер.
Абдель-Азиз ирландиялык Конор Макгрегордун өч алуусу үчүн ири акча сунуштала турган реванш дагы россиялык чемпионду октагонго кайтууга көндүрүшү күмөн экендигин белгилеген.
"Бул каржылык жактан алганда олуттуу иш, бирок Хабибди акча менен көндүрүү өтө кыйын экендигин билебиз", — деди ал.Орусиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. UFC Russia менен @Championat_com биргеликте уюштурган сурамжылоодо Хабиб Нурмагомедов жана Валентина Шевченко мыкты мушкерлер деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын UFC Russia өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Сурамжылоодо жылдын мыкты мушкери, мыкты мушкер айымы, жетишкендиги, сабмишени, нокауту, мыкты беттеши, жылдын апсети (фовариттин жеңилип калышы) номинациялары боюнча тандоо жүргөн.
Анын жыйынтыгы менен жеңил салмактагы россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов "жылдын мушкери", кыргызстандык Валентина Шевченко "мушкер айым" наамына татыган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Теги чечен швециялык Хамзат Чимаевге "жылдын ачылышы" номинациясы ыйгарылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Хабиб Нурмагомедовдун АКШлык Жастин Гэтжини "үч бурчтук" муунтуу ыкмасына салып утканы "жылдын сабмишени" болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми Хоакин Баклинин атаандашын чимирилип сулата тепкенин сурамжылоого катышкандар "мыкты нокаут" деп табышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жеңил салмактын алдыңкы бештигиндеги мушкерлер Жастин Гэтжи менен Тони Фергюсондун кармашы "жылдын беттеши" наамына ээ болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ушул эле беттеш сурамжылоонун катышуучулары тарабынан "Жылдын апсети" деп табылган.
Роликте Макгрегор таймаш алдында оң колдоп урулган соккудан коргонууга машыгып жатканын көрүүгө болот. Ага карабай Нурмагомедов анын ээк тушуна дал ошондой сокку уруп, нокдаунга түшүргөн.
Кармаштан соң ирландиялык мушкердин жеңилүү ызасына чөмүлүп отурганы, жанында эч нерседен кабары жок уулу башка бирөөлөр менен эркелеп ойноп жатканы тартылган.UFC 229 турнири 2018-жылдын 6-октябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу ыкмасы менен багындырып, промоушендин жеңил салмактагы чемпиону наамын ийгиликтүү коргогон.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.