БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 42-орунга жайгашты. Бул тууралуу futsalworldranking сайтына жарыяланган рейтингде айтылат.
Амиржан Муканов башында турган улуттук команда 1071 упай топтоп, эки сапка жогорулаган.
Рейтингдеги алдыңкы ондукта Испания, Бразилия, Аргентина, Россия, Португалия, Иран, Казакстан, Италия, Парагвай жана Хорватия турат.
Тизмеде Азиядагы курамалардын арасында Кыргызстан 7-катарда. Алдыда Иран (дүйнөлүк рейтингде 6-орун), Япония (16), Таиланд (17), Өзбекстан (28), Австралия (31) жана Ливан (40) турат.2021-жылы өтүүчү Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук командасы Япония (дүйнөдө он алтынчы, Азияда 2-орун), Ливан (дүйнөдө 40ынчы, Азияда алтынчы орун) жана Кувейт (дүйнөдө 43үнчү, Азияда сегизинчи орун) командалары менен бир тайпада ат салышат.
Эске салсак, континенталдык чемпионат 2021-жылдын 23-мартынан 3-апрелге чейин өтөт.
Улуттук команда Азия биринчилигине даярдыктын алкагында ноябрь айында Ташкент шаарында Өзбекстан жана Тажикстан менен жолдоштук беттештерди өткөргөн.
Sputnik агенттиги Кыргызстанда туулуп, кийин чет мамлекеттерге көчүп кетип, азыр аты таанылган адамдарды тизмектеди.
Жергиликтүү ЖМКлардын көбү коронавирустан коргогон дүйнөдөгү алгачкы "Спутник V" вакцинасынын түзүүчүсү Денис Логунов Кыргызстанда туулганын жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Логунов 1978-жылы 13-октябрда Фрунзе шаарында туулган. 43 жашында Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болууга жетишкен. Учурда ал Гамалея атындагы илимий борбордо директордун орун басары, клеткалык микробиология лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.
Белгилүү украин спортчусу да биздин жердеш. Ал Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган. Профессионалдык бокс боюнча WBO версиясында дүйнө чемпиону болгон. Азыр саясат менен алектенип, Киев шаарын башкарып келет.
"Город 312" тобун кимдер гана билбейт. Аталышы да жөн жерден эмес, 312 — Бишкектин эл аралык телефондук коду. Топтун башкы солисти Светлана Назаренко 1970-жылы 17-октябрда Бишкекте туулган. Москвада жашаган ырчы мекениндеги концерттик иш-чараларга келип турат.
Аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко менен ушул лиганын спортчусу, эжеси Антонина Шевченко да Бишкекте төрөлгөнүн билебиз. Учурда АКШда турушат. Алар мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу. Башында КВНге аралашып жүрүп, кийин азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана дагы бир КВНчи Василий Куценко үчөө Россиянын телеканалдарында эмгектенишкен. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдап, "Кухня" сериалынын сценарийин жазып жүрүп, кыргызстандык Айнуранын образынын пайда болушуна себепкер болгон.
Илзат Ахметов Бишкекте төрөлүп, "Алга" футбол командасында тарбияланган. Учурда москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына кошулган.
Ахметов Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун тобуна кирет.
Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, медиаменеджер, коомдук жана маданий ишмер Михаил Швыдкой Кант шаарында төрөлгөн. Ал иш сапары менен Кыргызстанга келип турат.
Аламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып келип берген. Ал 90-жылдары Бишкекте машыктыруучу болуп иштеген. Бир топ жылдан бери Колпакова Россияда турат, бирок туулган жерин, Кыргызстанды эстен чыгарбайт. Былтыр Бишкекке келгенинде өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен кезиккен.
Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун (Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубатчылыгы боюнча федералдык кызмат) мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко да жердешибиз экенин билгендер аз чыгар. Ал 1950-жылы 21-октябрда Ош облусунун Чаңгыр-Таш айылында туулган.
Испаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү. Ал 2000-жылы эл аралык федерациянын версиясы боюнча ХХ кылымдагы эң мыкты гандбол оюнчуларынын бири деп таанылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Сатиралык жанрдагы россиялык актриса, КВН командасынын продюсери, Stand Up шоусунун мурдагы катышуучусу Юлия Ахмедова Бишкектин четинде жайгашкан Кант шаарынан. Маектеринде да балалыгы Кыргызстанда өткөнүн айтканды унутпайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бокс боюнча Евпопанын, дүйнөнүн чемпиону, СССРдин спорт чебери Андрей Курнявка да фрунзелик. Кийин Россиянын жарандыгын алган. Ал рингде 350 беттеш өткөрүп, анын 150сүн нокаут менен жеңген.
Кыргызстан менен Россиянын баатыры наамын алган Салижан Шариповду укканда дароо көзүбүзгө космонавт элестейт. Кыргыздын алгачкы космонавты Ош облусунун Өзгөн районунда 1964-жылы 24-августта төрөлгөн.
Профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, Россиядагы жана Америкадагы беделдүү турнирлердин жеңүүчүсү Дмитрий Бивол Токмоктон болот. 2017-жылы Биволду ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган.
Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдогон. Анын аты Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Казакстанда өзгөчө таанымал. Анткен менен ушул тапта Россиянын кино тармагында өз ордун таап, "Лектор", "Дом на Озерной", "Дворик", "Судьба на выбор", "Снайперы: Любовь под прицелом" сыяктуу тасмаларга тартылган. Актер 2015-жылы өзүн режиссер катары сынап көрүү максатында Москвадан Алматы шаарына көчүп кеткен.
Жалал-Абад шаарында туулган Юрий Мельниченконун ысымы 1990-жылы эл аралык аренада "дүңк" эле дей түшкөн. Ал жаштар арасына дүйнө чемпиону аталып, Венгрияда, Израилде, Францияда өткөн эл аралык мелдештерде байге алып келген. Бирок өлкөдө ага колдоо жок болгондуктан Казакстандын туусун көтөрүп, олимпиада оюндарынан алтын алып берген.
Россиянын КВН оюнчусу, "Кухня" аттуу белгилүү сериалдын авторлорунун бири, көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору Василий Куценко таластык жигиттердин бири.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ирландиянын Жогорку соту UFC мушкери Конор Макгрегорго байланышкан эки арызды каттады. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Өз кезегинде Макгрегордун өкүлү Карен Кесслер бул иш мушкердин катышуусу менен толук иликтенгенин белгилеп, тергөөдөн кийин мушкерге тагылган айыптар алып салынганын айтууда.
"Доо койгондор өз арызында келтирилген жүйөлөргө карама-каршы келген фактыларды билишет. Макгрегор ар кандай дооматтарды сот аркылуу чечет. Ал адилеттик жеңерине ишенет", — деди Кесслер.
Белгилеп кетсек, 24-январда ирландиялык мушкер промоушендеги кезектеги беттешине чыгат. Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин кармашы Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 257 мелдешинин башкы таймашы болот.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.