Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу UFC мушкери менен машыгып жатат

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу Brave FC уюмунун 16-январдагы мелдешинин негизги кардында тажикстандык Жахонгир Саиджамолов менен беттешке чыгат.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу Brave Combat Federation (Brave FC) промоушениндеги кезектеги беттешине Дагестанда россиялык UFC мушкери Магомед Анкалаев менен бир залда машыгып жатат. Бул тууралуу мушкер өзү билдирип, машыгуудан кийин россиялык спортчу менен бирге түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына койгон. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Abdisalam uulu Kubanychbek (@abdisalam_uulu_kubanychbek_)

Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
Абдисалам уулу аталган уюмдун 16-январдагы мелдешинин негизги делген кардында тажикстандык мушкер Жахонгир Саиджамолов менен беттешке чыгат.
Кыргызстандык мушкер ММА спортундагы карьерасында 18 беттеш өткөрүп, 15 жолу уткан, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми атаандашы 16 беттештин 12син уткан. Төрт жолу жеңилген.
Эске сала кетсек, UFC уюмунун жарым оор салмагында күч сынашкан россиялык Магомед Анкалаев алты беттешке чыгып, бешөөсүн уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0