Футзал боюнча салтка айланган эл аралык Наристе-2021 мелдеши

Бишкекте өтүп жаткан "Наристе-2021" футзал мелдешине 57 команда катышууда

82
(жаңыланган 14:40 04.01.2021)
Аталган мелдеш быйыл 22-ирет өткөрүлүп жатат. Быйыл 57 команда катышууда. Жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга атайын сыйлыктар каралган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча салтка айланган эл аралык "Наристе-2021" мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу турнирдин башкы калысы Ырыскелди Мусаев Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

  • Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча салтка айланган эл аралык Наристе-2021 мелдеши өтүп жатат
    Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча салтка айланган эл аралык "Наристе-2021" мелдеши өтүп жатат
    © Фото / пресс-служба Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
  • Анын айтымында, мелдешке өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан командалар келишкен
    Анын айтымында, мелдешке өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан командалар келишкен
    © Фото / пресс-служба Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
  • Мелдеш 3-январда башталып, учурда тайпалык этаптагы беттештер өтүп жатат. Анда мамлекеттик органдардан, 35, 45 жана 55 жашка чейинки футзал ышкыбоздорунан түзүлгөн командалар ат салышууда
    Мелдеш 3-январда башталып, учурда тайпалык этаптагы беттештер өтүп жатат. Анда мамлекеттик органдардан, 35, 45 жана 55 жашка чейинки футзал ышкыбоздорунан түзүлгөн командалар ат салышууда
    © Фото / пресс-служба Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
  • Жеңүүчүлөр 8-январда аныкталып, мелдеш жыйынтыкталат
    Жеңүүчүлөр 8-январда аныкталып, мелдеш жыйынтыкталат
    © Фото / пресс-служба Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
1 / 4
© Фото / пресс-служба Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча салтка айланган эл аралык "Наристе-2021" мелдеши өтүп жатат

Анын айтымында, мелдешке өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан командалар келишкен.

"Быйыл мелдеште жаңы рекорд болду. Жалпысынан 57 команда ат салышууда. Республиканын Жалал-Абад, Талас аймактарынан башка бардык облустарынан командалар келди. Жыл сайын кошуна Казакстандан командалар келип катышчу, эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйыл келишкен жок", — деди башкы калыс.

Мелдеш 3-январда башталып, учурда тайпалык этаптагы беттештер өтүп жатат. Анда мамлекеттик органдардан, 35, 45 жана 55 жашка чейинки футзал ышкыбоздорунан түзүлгөн командалар ат салышууда. Жеңүүчүлөр 8-январда аныкталып, мелдеш жыйынтыкталат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан жеңүүчүлөргө, өзгөчөлөнгөн дарбазачы, коргоочу, чабуулчуларга акчалай сыйлыктар, белектер каралган.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш быйыл 22-ирет өткөрүлүп жатат.

82
Белгилер:
Кожомкул атындагы спорт сарайы, Бишкек, мелдеш, футзал
Тема боюнча
Кыргызстан футзал боюнча дүйнөлүк рейтингде 42-орунга жайгашты
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды

106
(жаңыланган 18:42 14.01.2021)
Сурамжылоодо жылдын мыкты мушкери, мыкты мушкер айымы, жылдын ачылышы, сабмишени, нокауту, мыкты беттеши аныкталган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. UFC Russia менен @Championat_com биргеликте уюштурган сурамжылоодо Хабиб Нурмагомедов жана Валентина Шевченко мыкты мушкерлер деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын UFC Russia өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Сурамжылоодо жылдын мыкты мушкери, мыкты мушкер айымы, жетишкендиги, сабмишени, нокауту, мыкты беттеши, жылдын апсети (фовариттин жеңилип калышы) номинациялары боюнча тандоо жүргөн.

Анын жыйынтыгы менен жеңил салмактагы россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов "жылдын мушкери", кыргызстандык Валентина Шевченко "мушкер айым" наамына татыган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Теги чечен швециялык Хамзат Чимаевге "жылдын ачылышы" номинациясы ыйгарылды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Хабиб Нурмагомедовдун АКШлык Жастин Гэтжини "үч бурчтук" муунтуу ыкмасына салып утканы "жылдын сабмишени" болду. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Ал эми Хоакин Баклинин атаандашын чимирилип сулата тепкенин сурамжылоого катышкандар "мыкты нокаут" деп табышкан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Жеңил салмактын алдыңкы бештигиндеги мушкерлер Жастин Гэтжи менен Тони Фергюсондун кармашы "жылдын беттеши" наамына ээ болду. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Ушул эле беттеш сурамжылоонун катышуучулары тарабынан "Жылдын апсети" деп табылган.

106
Белгилер:
Валентина Шевченко, Хабиб Нурмагомедов, нокаут, мушкер, мыкты, UFC
Тема боюнча
Валентина Шевченко үч дүйнөлүк рейтингде жылдын мушкери деп табылды
UFC мушкер аялдарга жаңы дивизион кошкону жатат

Макгрегордун Нурмагомедов менен кармашканга чейинки жана андан кийинки видеосу

344
(жаңыланган 15:43 14.01.2021)
YouTube каналына Конор Макгрегордун даярдануучу жайындагы Хабиб Нурмагомедов менен беттешине чейинки жана андан кийинки көрүнүштөр тартылган видео жарыяланды.

Роликте Макгрегор таймаш алдында оң колдоп урулган соккудан коргонууга машыгып жатканын көрүүгө болот. Ага карабай Нурмагомедов анын ээк тушуна дал ошондой сокку уруп, нокдаунга түшүргөн.

Кармаштан соң ирландиялык мушкердин жеңилүү ызасына чөмүлүп отурганы, жанында эч нерседен кабары жок уулу башка бирөөлөр менен эркелеп ойноп жатканы тартылган.

UFC 229 турнири 2018-жылдын 6-октябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу ыкмасы менен багындырып, промоушендин жеңил салмактагы чемпиону наамын ийгиликтүү коргогон.

344
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор, беттешүү, UFC
Тема боюнча
UFC "Мушкерлер аралындагы" мыкты жеңиштердин видео топтомун жарыялады
UFC 2020-жылдагы эң мыкты беттештердин бүйүр кызыткан видеосун жарыялады
Бишкектеги Токтогул Сатылгановтун эстелиги. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
16-январга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, январь
Тема боюнча
Жерге муз доору кайтышы мүмкүн