БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдо күрөшүнүн чебери Юрий Краковецкий Доха (Катар) шаарында өтүүчү Doha Masters эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандык балбан 100 килограммдан жогору салмактагылар менен күч сынашат. Спортчуну машыктыруучусу Сергей Мистрюков коштоп барат.
Алар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен жөнөтүлүп жатат.
Анын ийгилигине чоңдор да суктанышат. Василиса болгону жети жашка чыкса да сноуборд боюнча көптөгөн мелдештерде жеңүүчү болуп, алтын медалдарды тагынган. Канчалаган чакырымдык тоо лыжа трассаларын багындырып, Россияда үч рекорд койгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Өспүрүм спортчу кыз алгачкы ирет үч жашында сноуборддун тактайына бут койгон. Ошондон бери ал аталган спортто албан ийгиликтерди жаратып келет.
Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.
Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду.
Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.
Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.
Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургунун интимдик видео менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы аял 15 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда кармалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") менен тергөө амалдары башталган.