БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жетекчилиги аялдар бөлүмүн дагы бир дивизион (салмак категория) менен толуктаганы жатат. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт The Schmo каналына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, эми 47.62 килограмм (105 фунт) салмакка чейинки категорияда мушкер кыздар өз өнөрлөрүн тартуулоого мүмкүнчүлүк алышат.
"Мен 105 фунтка чейинкилердин дивизионун ачуу идеясын колдойм, биз бүгүнкү күндө бул маселени талкуулап жатабыз. Кандай болот, эмне майнап чыгат, көрөлүчү", — деген Уайт.
Учурда уюмдун аялдар дивизионунда төрт: жарым жеңил (61-66 килограмм), жеңилирээк (57-61 килограмм), жеңил (49-56 килограмм) жана эң жеңил (48-52 килограмм) салмак категориялары бар.
Баарына белгилүү болгондой, эң жеңил салмакта кытайлык Вейли Жанг чемпиондук титулдун ээси болуп саналат. Жеңил салмактагы чемпиондук кур кыргызстандык Валентина Шевченкого таандык. Ал жакында эле бразилиялык Женнифер Майяны утуп, төртүнчү ирет чемпиондук наамын коргоду.Ал эми калган эки салмакта бразилиялык Аманда Нуньес биринчи сапта турат.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясынын маалымат кызматы ордо калаанын чок ортосунда эмне себептен таң эрте милиция кызматкерлери көп экенин түшүндүрдү.
Буга чейин окурмандар "Ала-Тоо" аянтындагы автоунаалар тазаланып, кайгуул милициялары борбордук көчөлөрдө, анын ичинде Чүй проспектисинде көп турганы боюнча суроо узатышкан.
Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме жакында боло турган президенттин инаугурациясына даярдык көрүп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.Маалым болгондой, бул иш-чарада "Ала-Тоо" аянтын тосуу пландалган жок.
20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлаган. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.
Кийинчерээк президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.