Макгрегор менен Порье кармаша турчу UFC мелдешине көрүүчүлөр киргизилет

© AP Photo / John LocherБой в рамках UFC Конор МакГрегор против Дастина Пуарье
Бой в рамках UFC Конор МакГрегор против Дастина Пуарье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоң спорт акырындап өз ордуна келип жатат. Абу-Дабиде UFC мушкерлери ар тараптуу колдогон көрүүчүлөрдүн көз алдында кармашат.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. UFC уюмунун январь айында Абу-Дабинин "Мушкерлер аралы" спорттук жайындагы мелдешине күйөрмандар киргизилет. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып чыкты.
Лондондук Арсенал менен веналык Рапид клубдарынын Европа лигасындагы беттеши - Sputnik Кыргызстан
Марттан бери биринчи жолу. "Арсенал" — "Рапид" оюнуна 2 миң күйөрман киргизилди
"Мушкерлер аралындагы" мелдештер 16, 20 жана 23-январда өтөт. Акыркы турнирде ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин беттеши болот. Ошол эле турнирде Хабиб Нумагомедовдун тууганы таймашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0