БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Япониянын жогорку лигасындагы "Иокогама" футболдук клубу өзүнүн 54 жаштагы оюнчусу Кадзуёси Миура менен келишимин узартты. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланганын Р-Спорт жазды.
Япония курама командасынын мурдагы чабуулчусу менен команданын ортосундагы келишим бир сезонго түзүлгөн. Ал оюнчунун профессионалдык карьерасында 36-сезону болот.
"Өткөн сезондо коронавирустун айынан дүйнө жүзү оор абалга туш болгон. Бирок кайдыгер эмес элдин аракети менен биз кайрадан футбол ойноп жатабыз. Жеке мен бул сезондо толук кандуу ойной алган эмесмин, менин амбициям жана оюнга болгон каалоом дагы да өстү. Дайыма башкы курамда оюндарга чыгып, команданын жеңишине салым кошуу үчүн мен мындан ары дагы күн сайын талыкпай эмгектенем", — деген ал.
Кадзуёси Миура "Иокогама" командасынын намысын 2005-жылдан бери коргоп келет. Буга чейин ал япониялык "Виссел Кобе", "Киото Санга", "Верди Кавасаки" (учурда "Токио Верди"), италиялык "Женоа", загребдик "Динамо", Австралиянын "Сидней" командаларында ойногон.
Футболдук карьерасын 1986-жылы Бразилиянын "Сантос" клубунда баштап, кийин бразилиялык "Коритиба", "Палмейрас" жана башка бир канча командаларынын намысын коргогон.
Япония курама командасынын сабында 89 оюн ойноп, 55 гол киргизген. 1992-жылы Азия кубогу мелдешин уткан.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.