БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россиялык мушкер Умар Нурмагомедов менен казакстандык Сергей Морозовдун Абсолюттук мушкерлер чемпионатындагы (UFC) беттеши башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу казакстандык атлеттин командасына таянып Р-Спорт жазды.
Буга чейин беттеш 24-январда өтүүчү UFC 257 мелдешине белгиленип, кийин 20-январга жылдырылган. Мелдештер Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайда өтөт.
"Сергей Морозов менен Умар Нурмагомедовдун беттеши 20-январга жылдырылды. UFC уюмунун жетекчилиги ушундай чечти", — деп айтылат маалыматта.Эскерте кетсек, UFC 257 мелдешинде Конор Макгрегор менен Дастин Порье кармашы каралган. Ирландиялык мушкер өз убагында Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттешинин алдында аны менен көптөгөн келишпестиктерге барган.
UFC уюмунун январь айындагы мелдешине беттешке чыгуучу Умар Нурмагомедов жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы болот.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (United World Wrestling) кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбековго арнаган ролик жарыялады. "Эч качан багынба" аталышындагы тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда балбандын акыркы жылдардагы ири мелдештерде финалга чыгып, алтын байге үчүн жеңилүү ызасын тартып, жер муштаган учурлары эскерилген. Ролик Жоламан Шаршенбековдун 2020-жылы өткөн дүйнө кубогу мелдешинде жеңүүчү болуп, кубанычы койнуна батпай секирип жаткан учуру менен аяктаган.
Ал эми 2020-жылы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунда финалга чыгып, россиялык дүйнө чемпиону Степан Марянянды утуп, алтын тагынды.
Эске салсак, UWW уюму Жоламан Шаршенбековдун машыгууларын, анын спортчу катары өзгөчөлүктөрүн белгилеп, өз баракчасына жарыялап келет.
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россия пандемиянын мизин кайтара турган препарат тапты. Батышта россиялык илимге наадандык менен мамиле кылуу бар деп жазган Sputnik франциялык Monde diplomatique басылмасына шилтеме кылып.
Макаланын автору Федерико Кусконун пикирине таянсак, Батыш орустардын медицинасынан кабары жок болгондуктан "Спутник V" вакцинасынын чыгышын кайдыгерлик жана сындаган ар кыл пикирлери менен тосуп алды.
"Маданий, саясий, тилдик абдан эле чоң айырмачылыктан улам алар россиялык демилгелерди шектенүү менен кабылдашат", – деп белгиледи журналист.
Ал препаратты иштеп чыгуу Россиядагы олуттуу илимий тарыхый чынжырчанын жыйынтыгы болгондугун айткан. Анткен менен батыштык "жомокчулар" россиялык илимий жетишкендиктерди жылдап танып келишкен, эми вакцинанын жасалышына да таң калып турган кези.
"Фармацевтик лабораториялар өзүнүн дарыларын асмандаган баада таңуулаган АКШдан, Евробиримдиктен айырмаланып, Россия акчанын артынан куубайт", – деп жазган Куско.
Журналисттин пикирине караганда, азыр ар кыл мамлекеттерде жайылтылып жаткан "Спутник V" дарегине болгон шектенүүлөрдү 50 жылдан кийин эч ким эстебейт.