Эки беттешти күтүп жатам. Хабиб UFC башчысына кандай шартта спортко кайтарын айтты

© AP Photo / John LocherПресс-конференция перед UFC 229 в Лас-Вегасе
Пресс-конференция перед UFC 229 в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык спортчунун шарттары Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашынан көз каранды экени белгилүү болду.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.
Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.
"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.
UFC 247 в Хьюстоне. Валентина Шевченко против Кэтлин Чукагян - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды
Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген. 
Жаңылыктар түрмөгү
0