Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек

© Фото / из личного архива Гулшаны СатаровойМастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гулшаной Сатарова айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу.
Өзбекстанда төрөлүп-өскөн жөө күлүк бой жеткен кезинде Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн туусун бир катар мелдештерде желбиретип жүрөт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 28 жаштагы атлет менен кезигип дүйнөлүк аренада жараткан ийгиликтери, спортко аралашуусу жана жеңил атлетиканын өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.
— Айымдар арасында алгачкы Эл аралык спорт чебери наамын алган спортчу болуу кандай сезим?
— Албетте, мындай жогорку наамга жеткен биринчи кыргыз жеңил атлети болуу өтө жагымдуу. Жаңы кыялдарды жаратып, дагы да көптөгөн бийиктиктерди багындырууга түрткү болот. Бирок убакыт өткөн сайын жеке мен үчүн көнүмүш эле нерсеге айланып калды десем болот. Ошол эле кезде үстүңө чоң жоопкерчиликти дагы жүктөйт. Мисалы, кээде үй-бүлөлүк же болбосо башка нерселерден улам балким спортту таштасамбы деген ойлор келип калат да. Ошондой кезде башкалардын сага болгон ишеними, ошол эле жоопкерчиликтен улам азыр токтотуу туура эместигин түшүнүп, уланта бересиң. 
— Эми өзүңүз тууралуу бир аз айта кетсеңиз.
— Мен 1992-жылы Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Токтогул айылында жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем негизинен өзүбүздүн эле Баткенден болушат. Бирок убагында турмуш шартына байланыштуу Өзбекстанга барып, ал жакта чоңоюп, анан чогуу түтүн булатып калышкан. Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Беш агам жана эжем бар. Спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгам. 1500 метр жана үч чакырымдык аралыкка чуркайм. Ошондой эле жакында 42 чакырымдык марафондо да күчүмдү сынай баштадым. 
© Фото / Азат Акаев Гулшаной Сатарова айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу.
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан
Гулшаной Сатарова айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу.
— Кошуна өлкөдө балалыгыңыз кандай өттү?
— Башкалардан айырмаланбаган эле бактылуу балалыкты башыман өткөрдүм. Ал жакта өткөргөн күндөрүмдү эстеген сайын азыр деле сагыныч, кусалануу болуп турат. Кантсе да киндик каным тамган, туулуп-өскөн жерим. Менин спортко болгон сүйүүмдүн да башталган жери. Андыктан менин жөнөкөй жана спорттук жашоом үчүн айылымдын орду чоң.
— Кыргызстанга кантип келип калдыңыздар?
Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү
— Кошуна өлкө болгону үчүн кичинекей кезимден бери эле келип-кетип турчумун. Бул жакта туугандарыбыз бар эле. Кийинчерээк спорт менен алектене баштаган кезде өзбекстандык жеңил атлет катары келип мелдештерге катыша баштадым. Андыктан Кыргызстан эч качан мага бөтөн болгон эмес. Мектепте окуп жүргөн кезимде үй-бүлөбүздүн баары Жалал-Абадга көчүп келип, биротоло жашап калышты. Мен спорт колледжиндеги окуумду бүтүргөнгө чейин Өзбекстанда жүрүп калдым. Орто билимдүү болгон соң он сегиз жашымда бир туугандарымдын жанына келейин деп чечтим. Экинчиден, кыргыз болгон соң Кыргызстандын желегинин алдында мелдештерге катышкым келди. Эгерде ийгиликтерге жетишсем, анда кыргыз туусу желбиреп, гимни ырдалып турса деген тилегимди орундатууну чечтим.
— Алгач келгенде эки өлкөнүн жашоо же спорттук шарттары боюнча айырма байкалдыбы?
— Күнүмдүк жашоодо эч кандай айырма деле жок. Маданиятыбыз, менталитетибиз окшош эле элбиз да. Ал эми спорт тармагында, албетте, айырма бар. Өзбекстандын бул жаатта күчтүү экендиги баарыбызга эле белгилүү. Ал жакта спорт ар дайым биринчи орунда тургандыктан, ага жараша мамиле, көңүл буруу да жогорку деңгээлде. Бирок, айта кетчү нерсе, бизде акыркы беш жылдын ичинде жеңил атлетика өнүгүү жолуна түштү. Жеке өзүмө сезилген айырма же өзгөчөлүк тууралуу айта турган болсом, Кыргызстандын абасы, климаты абдан жакты. Бул спорттук карьерама да жакшы жардам берип, кыска аралыкта күчтүү жөө күлүккө айландым десем болот. Келгениме бир жыл боло элек жатып спорт чеберлигине жеттим. Мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетише баштадым. Алгач мындай ийгиликтерге өзүм да таң калчумун. 
© Фото / из личного архива Гулшаны СатаровойӨзбекстанда төрөлүп-өскөн жөө күлүк бой жеткен кезинде Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн туусун бир катар мелдештерде желбиретип жүрөт.
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда төрөлүп-өскөн жөө күлүк бой жеткен кезинде Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн туусун бир катар мелдештерде желбиретип жүрөт.
— Спортко кантип аралашып калдыңыз жана эмне үчүн жеңил атлетиканы тандадыңыз?
— Спортко болгон кызыгуум кичинекей кезимден бери эле күчтүү болчу. Алгачкы жолу каратэ мектебинин босогосун аттагам. Себеби байкелеримин эң кенжеси спорттун ушул түрү менен машыкчу. Мен да болбой эле анын артынан ээрчип, кызыгып жүрүп бир жылга жакын алектендим. Анан үйдө атамдан коркуп, мага катуу басым жасай албаган байкем мектепте күчүн чыгара баштады. Машыгуу учурунда спарринг-өнөгү катары мени тандап алып эле үстөмдүк кыла берчү. Ошондон тажап калган кезде классташтарым жеңил атлетика боюнча машыгуу залы ачылганын айтып калышты. Ал кезде үчүнчү класста окучумун. Ошентип жеңил атлетикага баш багып, он сегиз жылдан бери алектенип келем.
— Эл аралык жана жергиликтүү аренада көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиз. Арасында эң эсте калганы кайсынысы деп эсептейсиз?
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
— Ар бир спортчу үчүн алгачкы жеңиши эсинде калса керек. Алгач 2009-жылы Беларуста өткөн Евразия оюндарында ийгиликке жетишкем. Ал кезде Өзбекстандын атынан катышчумун. Алгачкы күнү күмүш медаль тагынсам, экинчи күнү алтынга ээ болдум. Ал күнкү сезимдер азыркыга чейин эсимден кетпейт. Себеби менин спортчу катары жолумдун ачылышы эле. Ал эми эң маанилүүсү катары 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарындагы экинчиликти эсептейм. Ал күмүш медалымдын орду өзгөчө. Анткени жаңы гана кыздуу болгон кезим эле. Бир жылга жакын бөбөк менен үйдө отуруп, спорттук иш-чараларды токтотуп койгон болчумун. Кайрадан баарын нөлдөн баштоого туура келди. Машыгып баштаган кезимде спортко жаңыдан келгендей эле болгом. Ошентип кызым бир жашка толо элек жатып алгачкы чоң мелдештеримдин бирине катыштым. Дароо эле байгелүү орунга ээ болуу чоң жетишкендик болду.
— Каражат жагына токтоло кетсек. Алдыңкы спортчулардын катары сиздин абалыңыз кандай?
— Мамлекеттен ай сайын стипендия берилип турат. Ал күнүмдүк жашоомо жетет десем болот. Башка кошумча кирешем жок, бир гана спорт менен алектенем. Менин байкашымча, каражат жагынан айрыкча эркек спортчулар көбүрөөк кыйналышат. Үй-бүлөң болсо абалың дагы да оорлошот. Менин кызым да жакында бешке чыгат. Ошентсе да кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз. 
© Фото / из личного архива Гулшаны СатаровойСатарова: келгениме бир жыл боло элек жатып спорт чеберлигине жеттим. Мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетише баштадым
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан
Сатарова: келгениме бир жыл боло элек жатып спорт чеберлигине жеттим. Мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетише баштадым
— Жолдошуңуз колдоо көрсөтүп турабы?
— Жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет. Бирок өзү да спорт чөйрөсүндөгү инсан. Бокс менен машыгып, спорт мектебин бүтүргөн. Андыктан мени ар дайым түшүнүп, колдоп келет. Ал тургай кээде чарчап же болбосо көңүлүм келбей калганда мага түрткү берет. Ар бир эле спортчунун кыялы Олимпиада оюндарына катышуу болсо керек. Жолдошум да ар дайым "мен катыша албасам да сен сөзсүз түрдө күчүңдү сынап көрүшүң керек" деп айтып турат. Өзүбүз Ош шаарында жашайбыз. Кайын журтум да абдан түшүнүктүү, жакшы адамдар. Мага болгон колдоосу аябай жакшы. Эч качан үйдө олтуруп тамак жаса, кызмат кыл деп айтышпайт. Тескерисинче, спортко көбүрөөк көңүл бугудай шарт түзүп беришкен.
— Пандемия сиздерге да кедергесин тийгизсе керек?
Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков жубайы менен - Sputnik Кыргызстан
Чемпион Улукбек Жолдошбеков балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Сүрөт
— Албетте, башка спорт түрлөрүндөй эле жеңил атлетикада да иш-чаралар токтоп калды. Өткөн жылы Германия, Польша жана Кытайда мелдештер болмок. Тилекке каршы, баарынын убактысы жылдырылды же өтпөй калды. Ал эми машыгуу жаатында өзгөрүү болгон деле жок. 2020-жылдын башында курама команда менен чогуу болуп, февраль айынын аягында үйгө келгенбиз. Анан дароо карантин башталып, бир айга жакын эч жакка чыга албай калдык. Андан соң машыгууга мурдагыдай эле кириштик. Баарыбыз Кара-Көлгө чогулуп даярдыгыбызды күзгө чейин уланттык.
— Эл арасында чуркоону спорттун оңой түрү деп ойлогондор көп кездешет. Бул тууралуу оюңуз кандай?
— Тескерисинче, жеңил атлетиканы спорттун эң татаал түрүнө кошор элем. Албетте, баарыбыз эле чуркай алабыз, болгону бир бут кийим гана керек деп ойлошу мүкүн. Бирок эч ким билбеген сырлары, өзгөчөлүктөрү көп. Ошол эле кезде белгилүү бир убакыт ичинде болушунча ылдам чуркоо чындап келгенде өтө кыйын. Андыктан профессионал жөө күлүк болуу эл ойлогондой оңой нерсе эмес. 
© Sputnik / Азат АкаевСатарова: Спортко болгон кызыгуум кичинекей кезимден бери эле күчтүү болчу. Алгачкы жолу каратэ мектебинин босогосун аттагам
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан
Сатарова: Спортко болгон кызыгуум кичинекей кезимден бери эле күчтүү болчу. Алгачкы жолу каратэ мектебинин босогосун аттагам
— Кыйын спорт деп калдыңыз, ырахаты эмнеде?
— Дал ошол кыйындыгында. Машыгуу учурунда кыйналасың, ызаланасың, кээде ыйлаган күндөрүң да болот. Эмне үчүн спортту тандадым, жөнөкөй жашоо менен эле жашасам болбойт беле дейсиң. Бирок ошончо кыйынчылыктардан кийин ийгиликке жетүү эң сонун нерсе. Аракетиң жакшы жыйынтыкталып, ар күнкү машыгууларың түшүмүн берип байге тепкичине чыккан кезде баарын унутасың. Бул сөз менен айтып жеткире алгыс ырахат.
— Жеңил атлетика менен алектенгиси келген жаш спортчуларга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Эч кандай кыйынчылыктарга карабай алдыга умтулуп, койгон максаттарыңарды жарым жолдо таштабагыла дейт элем. Спорттун бардык түрлөрү сыяктуу жеңил атлетиканын да оорчулугу бар. Бир окуя эч эсимден кетпейт. Мен өзүм айылда чоңойгон кызмын. Үчүнчү класста окум жүргөн кезимде алгачкы жолу шаарга мелдешке келип калдым. Мелдеш өтчү жерде биринчи жолу спорттук кийимдерди көрдүм. Билесиздер, жеңил атлеттер кыска, денеге жабышкан кийимдерди кийишет. Спортчулардын баары ошондой форма менен жүрсө, мен жөнөкөй күнүмдүк кийим менен эле келгем. Аларды алгач көргөндө сууда сүзүүгө арналган кийим деп ойлоп, дароо базарга барып өзүмө сатып келдим. Аны кийип чуркай баштаганымда башкалардын шылдыңдап жатканын байкадым. Бирок буга окшогон майда жана чоң тоскоолдуктарга көңүл бурбай, талыкпай машыга бердим. Мээнетке жараша жыйынтык келерине ишенем. 
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой Сатарова: Мамлекеттен ай сайын стипендия берилип турат. Ал күнүмдүк жашоомо жетет десем болот. Башка кошумча кирешем жок, бир гана спорт менен алектенем
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан
Сатарова: Мамлекеттен ай сайын стипендия берилип турат. Ал күнүмдүк жашоомо жетет десем болот. Башка кошумча кирешем жок, бир гана спорт менен алектенем
— Күндө чуркаган жөнөкөй жарандар көп кеңеш сурашса керек?
— Ооба, өтө көп. Күнүмдүк жашоодо ден соолукту чыңдоо үчүн чуркоо өтө пайдалуу. Бирок өзүңдү катуу кыйнабаш керек. Көпчүлүк адамдар башында кызыгуу күчтүү болгондуктан эки-үч күн катуу чуркап алышат. Эртеси катуу кыйналгандыктан көңүлү калып таштап коюшат. Андыктан денеге, өзгөчө жүрөккө күч келтирбей тургандай кылып жай баштоо керек. Акырындык менен көнүккөн соң таштабаганга аракет кылып уланта берсе, чуркоо ден соолукка эң пайдалуу спорт.
— Спортчу үчүн машыктыруучунун орду чоң да. Тренериңиз тууралуу айта кетсеңиз?
Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында күмүш байгесинин ээси Канатбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем
— Ар бир спортчуну ийгиликке жетелей турган адам — бул машыктыруучу. Өзүм эле даярданып ийгиликке жетишем деген болбогон нерсе. Менин спорттук карьерамда гана эмес, жашоомдо да өзгөчө орду бар тренерлерим бар. Алардын бири  — Өзбекстандагы алгачкы агайым Жаныш Абдусаттаров. Мени спорт мектебине киргизип, ушул жаатта алгачкы кадамымды таштоого түрткү болгон. Азыр ойлоп көрсөм, мен үчүн өтө чоң жакшылык кылган экен. Мектепте Галыбжан Эргашев деген агайдын колунда алты жыл машыктым. Ал да мага эбегейсиз жардам көрсөттү. Анткени башкаларга окшоп жатаканада эмес, анын үйүндө жашачумун. Ошондой эле азыркы машыктыруучум Абдылла Төрөжановду айта кетер элем. Он жылдан бери биргебиз. Мамилебиз аябай жакшы. Бири-бирибизди бат түшүнүп, маанайыбыз кандай экенин дароо байкап, ошого карата мамиле жасайбыз. Чынын айтсам, канча жакшы сөз айтсам да жетишсиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0