Олимпиада шакекчелери. Архив

Япониянын быйыл Олимпиада оюндарын өткөрүүдөн баш тартары айтылууда

(жаңыланган 12:24 22.01.2021)
Басылманын жазганына караганда, бийлик өкүлдөрү учурда бул чечимин кантип жарыялоо тууралуу ойлонуп жатат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Япония бийлиги Токиодогу Олимпиада оюндарын коронавирус кооптуулугунан улам өткөрүүдөн баш тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу The Times басылмасы япон өкмөтүнүн жогорку даражалуу аткаминерине шилтеме берүү менен жазды.

Басылманын жазганына караганда, бийлик өкүлдөрү оюндарды өткөрбөө тууралуу макул болушкан, учурда бул чечимин кантип жарыялоо тууралуу ойлонуп жатышат.

"Эч ким бул тууралуу биринчи айткысы келбейт, баары муну жарыялоо кыйын экенин билип турат. Жеке мен да Олимпиада өтөт деп ойлобойм", — деп айткан аткаминер.

Ошондой эле ал Япония 2021-жылкы Олимпиададан баш тартып, 2032-жылы өткөрүү ниетин билдирерин белгилеген.

Кечээ, 21-январда, Эл аралык олимпиада комитети Токио Олимпиадасын өткөрүүдөн баш тартуу ниети болбогонун билдирген.

Белгилер:
баш тартуу, олимпиада, Япония, Токио
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (60)
Тема боюнча
Токио Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер өтө турган күн бекитилди
Токиодогу мелдешке катышчулар акысыз эмделет. Чыгымын олимпиада комитети жабат

UFC Валентина Шевченконун мыкты ирмемдерин жарыялады. Видео

(жаңыланган 19:18 14.04.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube-каналында дивизиондун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун видеосу жарыяланды.

Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.

Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).

Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.

Белгилер:
беттешүү, кармаш, нокаут, мушкер, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Ай чырайлуу мушкер дебюттук кармашында атаандашын оор нокаутка кетирди. Видео
Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Жакалап, колун кайрып... Өлкөнүн мыкты жиу-житсучулары аныкталды. Сүрөттөр

(жаңыланган 19:08 14.04.2021)
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды. Турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев билдирди.

  • Спортсмены во время схватки во дворце спорта имени Кожомкула на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу
    Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки во дворце спорта имени Кожомкула на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу
    Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага аймактардан жана шаардан келген 300дөн ашык жиу-житсучу катышты
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки во дворце спорта имени Кожомкула на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу
    Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар жана балдар күч сынашты
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки во дворце спорта имени Кожомкула на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу
    Ар биринде бир нече салмак категориясы каралган
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу во дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды.
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу во дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    Федерация президенти белгилегендей, турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу во дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки во дворце спорта имени Кожомкула на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу
    Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды
    © Фото / Тилек Токтоналиев
  • Спортсмены во время схватки во дворце спорта имени Кожомкула на чемпионате Кыргызстана по джиу-джитсу
    Федерация президенти белгилегендей, турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.
    © Фото / Тилек Токтоналиев
1 / 9
© Фото / Тилек Токтоналиев
Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага аймактардан жана шаарлардан келген 300дөн ашык жиу-житсучу катышты.

Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар жана балдар күч сынашты. Ар биринде бир нече салмак категориясы каралган.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды. Федерация президенти белгилегендей, турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.

Белгилер:
жеңүүчү, чемпионат, джиу-джитсу, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Кикбоксчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште үч алтын, бир коло алды. Сүрөт

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 23:26 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.