Ысык-Көл марафону Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештердин тизмесине кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековRun the Silk Road марафондун катышчуулары. Архив
Run the Silk Road марафондун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми Кыргызстанда өтүүчү эл аралык марафондон Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына лицензиялар бериле баштайт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону World Athletics (Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы) уюмунун календарлык мелдештерине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Эми спортчулар аталган марафондон тийиштүү нормативди аткарып Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына лицензияларды ала алышат.
"Мындай жетишкендик өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы Эл аралык марафон дирекциясы менен биргеликте жасаган жигердүү аракеттеринин натыйжасында ишке ашкан. Эл аралык марафон трассасы сертификациядан өттү. Эми мелдештер Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун эрежелерине ылайык өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Run the Silk road IX Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону 2021-жылдын 15-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0