"Дордой", "Алай" клубдарынын АФК кубогундагы атаандаштары аныкталды

© Фото / пресс-служба ФФКР"Дордой" жана "Алай" клубунун оюнчулары беттеш учурунда. Архив
Дордой жана Алай клубунун оюнчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АФК кубогу быйыл жаңыланган, борборлоштурулган форматта өтөт. Тайпалык оюндар жаз мезгилине, 14-20-майга, белгиленди.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бүгүн, 27-январда, Азия футбол конфедерация (АФК) кубогу мелдешинин тайпалык этабына чүчү кулак тартылып, Кыргызстандын командаларынын атаандаштары аныкталды. Спорттук иш-чара эл аралык уюмдун Куала-Лумпур шаарындагы штаб-квартирасында өтүп, The AFC Hub Youtube каналы түз алып көрсөттү.
Мелдешке Кыргызстандан эки команда — республиканын чемпиону, Бишкектин "Дордой" жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү Оштун "Алай" клубдары катышат.
Кыргызстан — Мьянма футбол оюну. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпионатына тандоо: Мьянма – Кыргызстан беттешинин өтүүчү күнү айтылды
Чүчү кулактын жыйынтыгы менен "Дордой" E тайпасына түштү. Ал Тажикстандын кубогунун жеңүүчүсү "Равшан" жана Түркмөнстандын вице-чемпиону "Ахал" клубдары менен күч сынашат.
Оштун "Алайы" F тайпасында АГМК же "Насаф" (Өзбекстан), "Алтын Асыр" (Түркмөнстандын чемпиону) жана "Худжанд" (Тажикстандын вице-чемпиону) клубдары менен кез келишет.
АФК кубогу быйыл жаңыланган, борборлоштурулган форматта өтүп, тандоо оюндары болбойт. Тайпалык оюндар 14-20-майга белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0